2024-жылдын 16-17-сентябрында Анкарада Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун Европа жана Борбордук Азия үчүн аймактык стратегиялык форуму болуп өттү. Иш-чарага алдыңкы эксперттер жана почта байланышынын өкүлдөрү чогулуп, почта инфраструктурасын өнүктүрүүнүн жана эл аралык кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулашты.

Форумдун алкагында «Кыргыз почтасы» ААК башкы директорунун атынан анын орун басары Уулжан Масиянова Беларусиянын почта кызматы менен келишим түздү. Келишим эл аралык почта алмашууну жакшыртууга багытталган, ошондой эле логистика жана электрондук коммерция кызматтары үчүн төмөндөтүлгөн тарифтерди сунуштайт.

«Беларусь почтасы менен кызматташуу бизнес байланыштарды бекемдеп, ишкерлер жана жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүнө ишенебиз. Биздин максат – почта кызматтарын баарына жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу», — дейт Уулжан Масиянова.