Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Астанада өткөн Түрк мамлекеттеринин саммитинде жарыяланган демилгесинин алкагында «Кыргыз почтасы» ААКсы эл аралык кызматташтыкты бекемдөө багытында маанилүү кадам жасады.

Анкарада өткөн Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык стратегиялык форумунун аянтында «Кыргыз почтасы» ААК менен Түркия почтасынын ортосунда келишимге кол коюлду. Бул макулдашуу эл аралык почта жөнөтүүлөрүн алмашууну жакшыртууга, ошондой эле логистикалык жана электрондук коммерция кызматтарына жагымдуу тарифтерди берүүгө багытталган.

Форум почта байланышы тармагында эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана инновациялык чечимдерди түзүүгө көмөктөшүп, почта кызматтары арасында мыкты тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп калды.