Бүгүн Бишкекте “Кыргыз почтасы” ААК, “Эне-Балага Тирек” коомдук фондунун жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Wildberries тарабынан ишке ашырылган “Кыздар IT тармагында”-аталышындагы социалдык долбоорунун финалисттерин салтанаттуу сыйлоо аземи болду.

“Кыздар IT тармагында” долбоору Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана заманбап санариптик кесиптерди тез баштоо үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүүгө багытталган. Пилоттук долбоорго өлкөнүн 7 облусунан тандалып алынган кесиптик лицейлерден 30 кыз катышты. Тренинг 2024-жылдын жай айларында Wildberries арт-директору Дмитрий Матвеевдин жана компаниянын дизайн жана HR тармагындагы эксперттеринин координациясында өттү.

Сыйлык тапшыруу аземине “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, “Эне-Балага Тирек” коомдук фондунун директорунун орун басары Гүлзат Мурзаканова, КР Экономика жана коммерция министрлигинин Бизнес чөйрө саясаты башкармалыгынын кызматкери Муса Катаганов, Кыргызстандагы Wildberries компаниясынын башкы директору Ксения Школьникова жана «Кыздар IT тармагында» долбоорунун жетекчиси Ольга Ниязалиева катышышты.

Финалга чыккан кыздар сертификаттар жана белектер менен сыйланышты. Бардык 30 катышуучуга «Кыргыз почтасы» ААК жана Биринчи айымдын «Эне-балага тирек» коомдук фонду тарабынан ноутбуктар жана башка баалуу сыйлыктар тапшырылды, бул аларга кесиптик көндүмдөрдү андан ары окутууга жана ишке ашырууга жардам берет. Кошумчалай кетсек, бүтүрүүчүлөр Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы өнөктөштөрүнө продукт карталарын түзүүгө жана социалдык тармактарда баракчаларды түзүүгө жөндөмдүү жаңы адис катары сунушталат.