«Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова Швейцариянын Берн шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк почта союзу (ДПУ) тарабынан уюштурулган эл аралык семинарга катышты. Иш-чаранын темасы “Почта тармагында аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деп аталып, дүйнөлүк почта тармагында аялдардын ролун жогорулатууга жана дүйнөнүн алдыңкы почта уюмдарынын ортосунда тажрыйба алмашууга багытталган.

Семинардын алкагында Уулжан Масиянова ДПУнун башкы директорунун орун басары Marjan Osvald мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Талкуулар почта тутумдарын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана кесипкөй почта тармагында аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арналды.

Уулжан Масиянова 18 жылдан ашык «Кыргыз почтасы» ААКда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалап келет. Учурда ал өндүрүш процесстерин көзөмөлдөйт жана ишканада жаңы менеджмент системаларын жана санариптештирүүнү иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча аналитикалык иштерге активдүү катышат.

Бул семинар почта тармагындагы инклюзивдүүлүктү жана гендердик теңчиликти жакшыртуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун стратегиялык ишинин бир бөлүгү болуп саналат, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын мындан ары жакшыртууга жана дүйнө жүзү боюнча почта уюмдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жогорулатууга мүмкүндүк берет.