2024-жылдын 18-ноябрында Синьцзян эркин соода пилоттук аймагында, Кашкарда “Аймактарды изилдөө индустриалдык парктарынын инвестициясы жана соодасы” форуму болуп өттү. Иш-чараны Кашкар экономикалык өнүгүү зонасын башкаруу комитети уюштурган. Форум инновацияларды киргизүүгө, өз ара аракеттенүүнүн жаңы моделдерин иштеп чыгууга жана аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Форумга ар кайсы өлкөлөрдөн жогорку деңгээлдеги өкүлдөр катышты. Алардын арасында «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешев, партиялык комитеттин туруктуу комиссиясынын мүчөсү, Каши районунун акиминин биринчи орун басары Ву Сяобинь, ошондой эле Түркмөнстандын жана Өзбекстандын почта байланышынын башкы директорлору.
Форумдун жүрүшүндө логистиканы өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган бир нече олуттуу келишимдерге кол коюлду. «Синьцзян эл аралык соода компаниясы «Памир» ЖЧКсы менен «Кыргыз почтасы» ААКнын ортосунда «Логистика тармагында кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга» кол коюу негизги окуялардын бири болду. Бул документ логистикалык инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөлөр ортосундагы соода байланыштарын бекемдейт.
Ошондой эле «Соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча демилгелерге» кол коюлуп, ага Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Каши экономикалык өнүктүрүү аймагынын өкүлдөрү, ошондой эле «Кыргыз почтасы» ААК, «Өзбекстан почтасы» ААК, «Түркмөнстан почтасы» ААК жана Тажикстан паркынын өкүлдөрү катышты. Бул келишим Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүүнү жана экономика жана соода тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү камтыйт.
Форумдун уюштуруучусу, Каши экономикалык өнүгүү зонасынын администрациясынын директору Гуан Юна мырза кол коюлган келишимдер жана демилгелер экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.