Бүгүн, 2025-жылдын 10-мартында, «Кыргыз почтасы» ААК менен «Alkanov Gruop» ЖЧКсы Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө жана тышкы соода шарттарын жакшыртууга багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документке “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана «Alkanov Group»ЖЧКсынын башкы директору Азамат Эрдешов кол коюшту.
Тараптар бажы көзөмөлүндөгү товарларды эффективдүү сактоого жана тышкы сооданын катышуучулары үчүн бажы жол-жоболоруна кеткен чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берүүчү бажы кампасын түзүү жана иштетүү боюнча кызматташууну макулдашты.
Кызматташтыктын негизги максаты – логистикалык процесстерди оптималдаштыруу, товарларды эффективдүү алып келүү үчүн шарттарды түзүү жана трансчек аралык электрондук коммерциянын алкагында сатып алууларды жасаган жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Тараптар бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, ошондой эле соода процесстеринин катышуучуларынын чыгымдарын минималдаштыруу боюнча акыркы чечимдерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ниеттенүүдө.
Меморандум өз ара урматтоо жана ишеним принциптерине негизделген узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга багытталган.
Бул кадам эл аралык сооданы өнүктүрүү үчүн инфраструктураны жакшыртууга жана Кыргызстандагы бизнес жана керектөөчүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жардам берет.



