Бүгүн, 2025-жылдын 12-мартында, “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Меморандумга «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Талант Жаманаков кол коюшту.

Кызматташтыктын негизги максаты эл аралык почта жөнөтмөлөрүн кайра иштетүү процессин өркүндөтүү, посылкалар тууралуу алдын ала маалымат алмашуу, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү болуп саналат, бул өз кезегинде бажы тармагындагы коопсуздукту жана натыйжалуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Меморандумдун алкагында тараптар биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде почта жөнөтмөлөрү боюнча маалымат алмашууну, биргелешкен долбоорлорду жана почта жөнөтмөлөрүн кайра иштетүү боюнча нускамаларды иштеп чыгууну макулдашышты.