«Кыргызстан аэропорттору» ААК, «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасы биргеликте «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында мультимодалдык логистикалык жана E-Commerce хабын ишке киргизүү жана ыкчам башкаруу негизги максаты болгон Стратегиялдык кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Демилге өз ара сыйлоо, ишеним көрсөтүү жана тең укутуулуктун негизинде экономикалык, инвестициялык өз ара иш алып барууну өнүктүрүүгө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө багытталган.
Долбоордун алкагында биргелешкен өнөктөштүк түзүлөт жана хабдын оператору катары чыгат, анын инфраструктурасы ар кандай типтеги кампаларды, фулфилмент-зоналарын, бажы терминалдарын, логистикалык модулдарды, IT-чечимдерди жана санариптик сервистерди камтыйт. Ошондой эле, резиденттер жана өнөктөштөр үчүн аянтчалар каралат.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК жер тилкесин бөлүп берүүгө, инженердик туташтырууларды камсыз кылууга жана долбоордук документацияны алууга милдеттенет.
«Кыргыз почтасы» ААК санарип интеграциялар менен программалык чечимдерди берип, өзүнүн логистикалык инфраструктурасынын жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле трансчек аралык логистика жана бажылык тариздөө жаатында экспертизаны камсыз кылат.
«Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасы хабдын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн заманбап технологиялык чечимдерди каржылоого жана ишке киргизүүгө көмөктөшөт.
Бизнес-план жана жол картасын даярдоо багытындагы жумушчу топ түзүлөт жана операциялык башкаруу үчүн квалификациялуу персонал ишке тартылат.
Ошондой эле, эл аралык логистикалык, соода жана технологиялык уюмдар менен өнөктөштүк түзүү пландары каралып жатат.


