2025-жылдын 28–31-июлунда «Кыргыз почтасы» ААКтын делегациясы Экономика жана коммерция министрлиги жана Бажы кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Кытайдын Ханчжоу шаарына иш сапар менен барышты. Максат — электрондук коммерция жана логистика тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө жана кызматташууну чыңдоо.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация заманбап бажы жана бонддук кампалардын иши менен таанышып, товарларды кабыл алуу, сактоо, автоматташтырылган сорттоо жана жөнөтүүлөрдү санарип көзөмөлдөө процессин көрүштү. Ошондой эле e-commerce платформалары менен интеграциянын мисалдары сунушталды.

Alibaba 1688 платформасынын өкүлдөрү менен жолугушууда B2B багытындагы кызматташтык жана «Кыргыз почтасынын» экспорттук-импорттук операциялардагы ролу талкууланды.

Бул визит эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасында почта кызматтарын санариптик трансформациялоого чоң салым кошот.