«Кыргыз почтасы» ААК көп жылдан бери жеткирүү кызматын көрсөтүп келет.
Келишимдин шарттарына ылайык, почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлери пенсияларды түздөн-түз пенсионерлердин үйлөрүнө жеткиришет.
Социалдык фонд почта же банк кызматтары үчүн жеткирилген суммадан акы төлөйт. Төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленген.
Белгилейбиз: жарандар алган пенсиялардан эч кандай комиссия алынган эмес жана мындан ары да алынбайт.