2025-жылдын 14-августунда Чолпон-Ата шаарында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү.
Форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин куттуктоо сөздөрүн окуу менен ачылды, бул эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин баса белгиледи.
«Кыргыз почтасы» ААКтын атынан форумга башкы директор Марат Черикчиев катышып, ал «Базарларга жетүү: электрондук соода, логистика жана инфраструктура» панелдик сессиясынын модератору болду.
Талкуунун негизги темаларынын арасында: трансчегаралык e-commerce өнүктүрүү, логистиканы санариптештирүү, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоору, инвестициялар, «жашыл» технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү.
Сессия мамлекеттик структуралардын, логистикалык компаниялардын, e-commerce платформаларынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бириктирди. «Кыргыз почтасынын» форумга катышуусу – глобалдык соода-логистикалык процесстерге интеграциялоо үчүн маанилүү кадам болду.





