Бүгүн, 2025-жылдын 14-августунда, Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында форумга арналган эстелик почта маркасына мөөр басуу аземи болуп өттү.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышты.
Марканын чыгарылышы эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн маанисин баса белгилеп, евразиялык экономикалык интеграцияны мындан ары өнүктүрүүгө болгон өз ара умтулууларды чагылдырат.
«Кыргыз почтасы» ААК өзүнүн ишмердүүлүгү аркылуу мамлекеттер аралык маданий жана экономикалык байланышты чыңдоого салым кошуп келе жатканын жана филателия тили менен кызматташтыктын символдорун жаратканын сыймык менен белгилейт.

