2025-жылдын 12–14-сентябрь күндөрү өткөн профсоюздук кыймылдын 120 жылдыгына арналган спартакиадада Кыргыз Республикасынын байланыш, маалыматтык технологиялар, өнөр жай жана башка тармактардын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин профактивисттери “таланттуу команда”-деп табылды.
Аталган команданын курамында “Кыргыз почтасы” ААКнын Эл аралык кызматташтык жана инвестициялык өнүгүү башкармалыгынын менеджери Акылай Сагыналиева шахмат боюнча 2-орунду ээлеп, компаниянын намысын татыктуу коргоду!
Ошондой эле Почта кызматтары, ички логистика жана сапатты көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси Азема Асанбекова иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланды.
Бул жеңиштер — “Кыргыз почтасынын” кызматкерлеринин биримдиги, аракетчилдиги жана демилгелүүлүгүнүн жемиши!






