Бүгүн “Кыргыз почтасы” ААК Шэньчжэнь шаардык электрондук коммерция ассоциациясынын (SECA) делегациясын кабыл алды. Бул жолугушуу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында өттү.

Коноктор Логистикалык борбордун инфраструктурасы, эл аралык почта жөнөтмөлөрүн иштетүү процесстери жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн колдонулуп жаткан санариптик кызматтар менен таанышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүү, Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү рыноктун тенденциялары, ошондой эле эл аралык платформалар менен интеграция мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алышты.

SECA өкүлдөрү Кыргызстандын бул аймактагы стратегиялык логистикалык түйүн катары потенциалын өзгөчө белгилешти.