2025-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарында архитектура тармагындагы эң абройлуу эл аралык сыйлыктардын бири — Ага Хан сыйлыгына арналган почта маркасына салтанаттуу мөөр басуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Ханзаада Рахим Ага-Хан V катышты.

Марканын негизги сүрөтү болуп Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имараты тандалды — бул өлкөнүн маданий мурасы жана коомдук мейкиндиктин символу.

Марканын фонунда тоолор, токойлор жана боз үйлөр тартылган, алар Кыргызстандын табиятынын кооздугун жана салт менен заманбап архитектуранын шайкештигин чагылдырат.

Бул чыгарылыш коомдук баалуулуктарды жана өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрүн архитектура аркылуу чагылдыруу максатында жасалган демилге болуп саналат.