Бүгүн “Кыргыз почтасы” ААКнын кызматкерлери борбор калаада өткөн “BISHKEK SNOW LEOPARD RUN” аттуу жарым марафонго активдүү катышышты. Иш-чаранын максаты — ак илбирсти коргоону колдоо жана массалык спортту өнүктүрүү.
Кыргыз почтасынын командасы жүздөгөн катышуучулар менен бирге жарышка чыгып, компаниянын дени сак жашоо образын, командалык духту жана коомдук жоопкерчиликти колдой турганын көрсөттү.
Мындай спорттук жана коомдук демилгелерге катышуу — “Кыргыз почтасы” жамааты үчүн жакшы салтка айланып, мекеменин кызматкерлери биримдикке жана жигердүү жашоого умтуларын дагы бир жолу далилдеди.



