Дүйнөлүк почта күнүнө карата “Кыргыз почтасы” ААК өз кызматкерлери арасында стол тенниси, футбол жана аркан тартыш боюнча спорттук турнирлерди уюштурган. Мелдешке мекеменин бардык бөлүмдөрүнөн командалар жана кызматкерлер активдүү катышышты.
Турнир жарым финал жана финалдык оюндар менен жыйынтыкталып, мыкты оюн көрсөткөн жеңүүчүлөр 9-октябрда — майрамдык күндө — медалдар, кубоктор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чарада “Кыргыз почтасы” ААКтын башкы директору Марат Черикчиев мындай мелдештер кызматкерлердин ынтымагын, ден соолугун чыңдоону жана командалык рухту бекемдөөгө чоң салым кошорун белгилеп, мындай демилгелер мындан ары да улантыларын айтты.




