Бүгүн “Кыргыз почтасы” ААКта Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясынын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Делегацияны КЭРдин Элдик саясий кеңешүү кеңешинин Шаньси провинциялык комитетинин төрага орун басары мырза Сюй Гуанго жетектеди.

Жолугушууда тараптар логистика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, чек-ара электрондук сооданы өнүктүрүү жана «Кытай – Кыргызстан – Европа» мультимодалдык багытын өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Кытай тарап Кыргызстанды Борбор Азиядагы маанилүү транспорттук-логистикалык түйүн катары белгилеп, эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыгуусун билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Кыргыз почтасы” ААК өзүнүн заманбап логистикалык чечимдерин — Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы почта-логистикалык хабдарды, ошондой эле эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча долбоорлорун сунуштады. Ошондой эле биргелешип жеткирүү жолдорун натыйжалуу уюштуруу жана электрондук соода тармагына инновациялык чечимдерди киргизүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыктын багыттарын иштеп чыгуу ниеттерин билдиришти. Максат — почта-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо.