“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялар министрлиги тарабынан уюштурулган мини-футбол боюнча достук турнирине катышты.
Мелдешке ар кандай мекемелерди жана уюмдарды өкүл кылган 10 команда катышып, спорттук маанайда таймашышты.
Кыргыз почтасынын командасы биримдикти, спорттук духту жана жеңишке болгон эрктүүлүгүн көрсөтүп, таймаштын жыйынтыгында сыймыктуу экинчи орунга ээ болду — финалда пенальти сериясында гана утулду.
Оюнчуларыбызды мыкты жыйынтык менен куттуктайбыз жана жигердүүлүгү, командалык духу жана мыкты оюну үчүн ыраазычылык билдиребиз!





