2025-жылдын 18–19-ноябрында Бишкек шаарында өтүп жаткан Борбордук Азиялык регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) Бизнес-форумуна “Кыргыз почтасы” ААК катышууда. Бул форум мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык каржы уюмдарынын, бизнес коомчулугунун жана адистердин башын бириктирип, регионалдык экономикалык өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында БАРЭК транспорттук коридорлорунун, анын ичинде Экономикалык коридордун өнүгүү келечеги, процесстерди санариптештирүү жана туруктуу чечимдерди киргизүү боюнча маселелер каралууда. Башкы темаларга смарт-логистика, соода-экономикалык коридорлор, финтех, электрондук коммерция, жашыл энергетика, экологиялык жактан туруктуу транспорт жана туризмди өнүктүрүү кирет.
Форумга катышуу “Кыргыз почтасы” ААК үчүн өзүнүн санариптик долбоорлорун, инновациялык логистикалык чечимдерин жана чек аралык электрондук соодага арналган кызматтарын таанытууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай эл аралык аянтча компанияга өнөктөштүк алакаларды кеңейтүүгө жана улуттук почта операторунун регионалдык санариптик экономиканын өнүгүшүндөгү ролун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.





