2025-жылдын 20-ноябрында “Кыргыз почтасы” ААК К.И. Раззаков атындагы КМТУнун базасында өткөн Кыргызстандагы Интернетти башкаруу боюнча форумга — Kyrgyzstan Internet Governance Forum (KIGF-2025) катышты. Форумдун негизги темасы — «Туруктуу өнүгүү үчүн интернет жана санариптик ажырымды кыскартуу» болду.

Иш-чарада санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, жаңы Санариптик кодекстин алкагында укуктук ченемдерди жакшыртуу, ошондой эле инновациялар, электрондук соода жана финтех экосистемасын өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды.

«Инновациялар жана стартаптарды өнүктүрүү, финтехтин келечеги» аттуу панелдик сессияда “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова сөз сүйлөп, санариптик кызматтарды кеңейтүүнүн, онлайн-сервистердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун жана компаниянын өлкөнүн заманбап санариптик экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кыргыз почтасы” ААК санариптик чечимдерди өнүктүрүүнү жана санариптик теңсиздикти азайтууга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоону улантат.