Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында “Кыргыз почтасы” ААКнын “Электрондук соода оператору” долбоорун ишке киргизүү даярдыгына арналган кеңешме болуп өттү. Иш-чарага Президенттик администрациянын бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги катышты. Кеңешме “Кыргыз почтасы” ААКнын почта-логистикалык борборунда өттү.
Катышуучуларга электрондук соода жүктөрүн иштетүүнүн негизги бизнес-процестери көрсөтүлдү — жөнөтмөлөрдү кабыл алуудан жана иргөөдөн баштап, аларды жеткирүү пункттарына жана байланыш бөлүмдөрүнө жеткирүүгө чейинки логистикалык жол. Ошондой эле “Кыргыз почтасы” менен Бажы кызматтарынын маалыматтык системаларынын интеграциясы тааныштырылды, бул жараяндарды тездетүүгө жана ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
“Кыргыз почтасы” ААК инфраструктураны модернизациялоо жана өлкөдө электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн санариптик чечимдерди киргизүү иштерин улантат.





