2025-жылдын декабрь айында Түркиянын Стамбул шаарында Global Change Summit 2025 (GCS 2.0) аттуу эл аралык жаштар форуму болуп өттү. Иш-чараны Глобалдык саясат жана диалог уюму (OGPD) уюштурган.
Форумга “Кыргыз почтасы” ААКтын Эл аралык кызматташтык жана инвестициялык өнүктүрүү башкармалыгынын менеджери Айжан Узакова катышты.
Иш-чара 60тан ашуун мамлекеттен келген 200гө жакын жаш лидерлерди чогултуп, туруктуу өнүгүү, инклюзивдүү башкаруу, климаттык өзгөрүүлөр, санариптик технологиялар жана жасалма интеллекттин коомго тийгизген таасири боюнча маселелер талкууланды.
“Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлеринин кесиптик өсүшүнө жана эл аралык тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүү менен, заманбап тажрыйбаларды ишмердүүлүккө киргизүүгө багытталган демилгелерди колдоону улантат.



