Чемпионатка 32 команда катышып, бул мелдештин атаандаштык деңгээли жогору экенин жана анын маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.

Финалдык беттештин жыйынтыгында “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлеринен түзүлгөн команда жеңишке жетип, жогорку физикалык жана тактикалык даярдыгын, командалык ынтымакты жана мелдешке кесипкөйлүк менен мамиле жасаганын көрсөтө алды.

Бул жетишкендик корпоративдик спортту өнүктүрүү, командалык духту бекемдөө жана кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтуу багытында жүргүзүлүп жаткан системалуу иштин жыйынтыгы болуп саналат. “Кыргыз почтасы” ААК командасын татыктуу жеңиши менен куттуктап, чемпионатты жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн мелдештин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирет.