“Кыргыз почтасы” ААК Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) эксперттери менен эки тараптуу жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана компаниянын тармактык адистери катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында «жашыл мобилдүүлүктү» өнүктүрүүнүн алкагында “Кыргыз почтасы” ААКнын автопаркынын электр унааларына өтүү долбоорунун учурдагы жүрүшүн талкуулашты. Негизги көңүл электр унааларын киргизүү маселелерине, техникалык чечимдерге, тендердик процедураларга, ошондой эле транспорт каражаттарын жана кубаттоо инфраструктурасын жайгаштырууну пландаштырууга бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да кызматташууга даяр экендиктерин ырастап, объекттерге жеринде текшерүү жүргүзүүнү жана долбоордун параметрлерин, анын ичинде техникалык жана уюштуруучулук аспектилерин деталдуу иштеп чыгууну улантууга макулдашышты.



