“Кыргыз почтасы” ААК маалымдайт, компаниянын тышкы экономикалык ишмердүүлүк боюнча консультанты Аида Койчуманова Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды.

Сыйлык Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле өлкөнүн тышкы экономикалык байланыштарын чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн ыйгарылды.

“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кызматкердин кесиптик ишмердүүлүгүн жогору баалаганы үчүн ыраазычылык билдирет жана мамлекеттин өнүгүүсүнүн кызыкчылыгы үчүн мындан аркы натыйжалуу кызматташууга даяр экенин тастыктайт.