23-февраль – Ата мекенди коргоочулардын күнүнө карата “Кыргыз почтасы” ААК мырзалар арасында биллярд боюнча мелдеш уюштурду. Иш-чарага компаниянын ар түрдүү бөлүмдөрүнөн 40тан ашык кызматкер катышып, спорттук чеберчилигин жана тактыгын көрсөтүштү.

Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду Эл аралык почта алмашуу жана логистика борборунун кызматкери Кубан Абдиев, экинчи орунду “Кыргыз почтасы” ААКнын Борбордук аппаратынын Коопсуздук бөлүмүнүн начальниги Калыбек Насбеков, үчүнчү орунду күзөт кызматкери Кенчибек Сокубашев ээледи. Жеңүүчүлөргө эстелик белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мелдеш достук маанайда өтүп, корпоративдик духту бекемдөөгө жана кызматкерлердин спортко болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.