Үстүбүздөгү жылдын февраль–март айларында “Кыргыз почтасы” ААКтын Методология сектору Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору менен биргеликте пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча окутууларды өткөрдү. Окутуулар офлайн жана онлайн форматтарда өтүп, Борбордук аппараттын, Эл аралык почта алмашуу жана логистика борборунун, Бишкек шаарынын байланыш бөлүмдөрүн эксплуатациялоо башкармалыгынын, ошондой эле райондук жана шаардык филиалдардын кызматкерлери катышышты.

Окутуунун негизги максаты кызматкерлердин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо системасы жана мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу билим деңгээлин жогорулатуу болду. Катышуучуларга пенсиянын түрлөрү, аларды дайындоо тартиби, камсыздандыруу төгүмдөрү жана социалдык камсыздоо системасындагы заманбап санариптик кызматтар тууралуу маалымат берилди.

Жалпысынан окутууга “Кыргыз почтасы” ААКтын 400дөн ашык кызматкери катышты. Компания пайдалуу жана мазмундуу окутууну өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борборуна ыраазычылык билдирет.