Бишкек шаарында Business Run 2026 аттуу ири корпоративдик жүгүрүү жарышы болуп өттү. Катышуучулардын арасында “Кыргыз почтасы” ААКтын кызматкерлери да болуп, бул спорттук иш-чараны активдүү колдошту.

Жүгүрүү жарышы командалык форматта өтүп, ар түрдүү компаниялардын өкүлдөрүн жана активдүү жаштарды бириктирди. Катышуучулар физикалык даярдыгын гана эмес, командалык рухту, биримдикти жана өз ара колдоону да көрсөтүштү.

«Кыргыз почтасы» ААК сергек жашоо образын жайылтууга жана корпоративдик маданиятты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди туруктуу колдоп, жаштарды коомдук жана спорттук иш-чараларга активдүү тартууга өзгөчө көңүл бурат.