Бишкекте Борбор Азиянын электрондук коммерция, логистика, маркетплейс тармактарынын өкүлдөрүн, мамлекеттик түзүмдөрдү жана эл аралык эксперттерди бириктирген Кыргызстандын II Селлерлер жана Маркетплейстер форуму өттү. Аталган аянтча Кыргызстандагы трансчек аралык сооданы, санариптик логистиканы жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү маселелерин талкуулоодо маанилүү мейкиндикке айланды.
Форумдун уюштуруучуларынын бири Кыргыз Республикасынын электрондук коммерция боюнча улуттук оператору-“Кыргыз почтасы” ААК болду. Компания өлкөдөгү e-commerce инфраструктурасын өнүктүрүү, логистикалык каттамдарды кеңейтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана ата мекендик ишкерлер менен селлерлерди колдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштерин сунуштады.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар маркетплейстерди өнүктүрүү, эл аралык логистика, сооданы санариптештирүү жана жасалма интеллектти электрондук коммерция тармагына киргизүү перспективаларын талкуулашты. Иш-чарага ири эл аралык платформалардын, логистикалык жана финансылык компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Борбор Азия, Кытай жана Россия өлкөлөрүнөн келген эксперттер катышты.





