КР Министрлер Кабинетинин мамлекеттик тил боюнча токтомун ишке ашыруунун алкагында “Кыргыз почтасы” ААКта кызматкерлер үчүн “Кыргызтест” системасы боюнча даярдоо консультациялары өткөрүлдү. Иш-чарага борбордук аппараттын кызматкерлери катышты.

Консультациялар КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Кыргызтест” Улуттук тестирлөө борборунун талаптарына ылайык уюштурулуп, мамлекеттик тил боюнча тестирлөөгө даярдануу, тапшырмалардын түзүлүшү жана баалоо тартиби боюнча кеңири маалымат берилди.

“Кыргыз почтасы” ААК мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана кызматкерлердин тилдик компетенциясын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп, бул багыттагы иштерди системалуу түрдө улантат.