Мамлекеттик “Ала-Арча-1” резиденциясында өтүп жаткан “Кыргызстан — Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы гүлдөп-өсүүгө карай жол” аттуу кыргыз-кытай инвестициялык форумунун алкагында “Кыргыз почтасы” ААК менен кытайлык Kashgar Fengxin Trading Co., Ltd. компаниясы Кыргызстанда заманбап электрондук коммерция платформасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Долбоор эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын бекемдөөгө жана биргелешкен санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган.

Жаңы платформа электрондук сооданы “Кыргыз почтасы” ААКнын логистикалык инфраструктурасы менен бириктирет. Өлкө боюнча жайгашкан почта жана логистикалык объектилердин кеңири тармагы онлайн-сатууларды жеткирүү системасы менен байланыштырууга мүмкүндүк берет. Долбоор кыргызстандык ишкерлерге өз продукциясын жайылтууга, сатуу каналдарын кеңейтүүгө жана эл аралык рынокторго чыгууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Долбоордун концепциясы кадимки маркетплейстен кыйла кеңири болот. Анда онлайн соода менен катар санариптик контентти жана жасалма интеллект технологияларынын жардамы менен заманбап кызматтарды өнүктүрүү каралган. “Кыргыз почтасы” ААК салттуу почта инфраструктурасын заманбап санариптик жана логистикалык экосистемага айландыруу багытындагы иштерин улантып, бизнес жана колдонуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.