“Кыргыз почтасы” ААКнын жана Монголия почтасынын өкүлдөрүнүн ортосунда почта маркаларын чыгаруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова жана Монголия почтасынын почта маркалары жана баалуу кагаздар бөлүмүнүн директору Bilguun Bayarsaikhan катышты.
Тараптар биргелешкен почта маркаларын чыгаруу долбоорун ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Бул демилге эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана алардын тарыхый-маданий мурастарын кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө, кесиптик тажрыйба алмашууга жана почта жана логистика тармагындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
