Яньтянь порту менен жүргүзүлгөн мурдагы сүйлөшүүлөрдүн жана кызматташуунун алкагында, порттун туунду компаниясы HBY LOGISTIC жана ААК «Кыргыз почтасы» ГЛК компаниясы биргелешип, жаңы транспорттук компания — KPL (Kyrgyz Post Logistic) түзүштү.

Бул жаңы компаниянын негизги максаты — Борбор Азия менен Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ортосунда жүк жана контейнер ташууларын уюштуруу жана тейлөө.

Компаниянын негизги ишмердүүлүк базасы катары Ош шаары тандалып, анын географиялык жайгашуусу логистикалык агымдарды натыйжалуу башкарууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

Өз кезегинде, HBY LOGISTIC компаниясы дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбасы менен жүк ташуулар, кампа кызматы жана логистикалык системаларды башкаруу боюнча KPLдин инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

KPL компаниясын түзүү — эки тараптын эки жылдан ашык убакыт бою жүргүзгөн тыгыз кызматташтыгынын жемиши.

Бүгүн компаниянын алгачкы акционерлер жыйыны өтүп, анда ишкананын стратегиялык багыттары жана өнүгүү пландары белгиленди.

KPL келечекте эл аралык деңгээлдеги күчтүү логистикалык оператор болуп, Кыргызстандын дүйнөлүк соода мейкиндигиндеги ордун бекемдөөгө жана кардарларга заманбап, сапаттуу кызматтарды сунуштоого чоң салым кошору күтүлүүдө.