“Кыргыз почтасы” ААК почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүгө белек сертификаттарын таратты

“Кыргыз почтасы” ААК почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүгө белек сертификаттарын таратты

Жанылыктар
Кара-Кыргыз автономдуу областынын 100 жылдыгына карата “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын ичинде акысыз почта таңгактарын жөнөтүү үчүн 500 сомдук 100 белек сертификаттарды белек катары таратты. Ар бир сертификаттын ээси бардык салыктарды кошкондо 500 сомго чейинки суммадагы посылка жөнөтүүгө укуктуу. Сертификатты колдонууда «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан белгиленген эрежелерди жана шарттарды сактоо керек.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААКнун базасында Ош шаарына Кытай почтасынын СУАР бөлүмүнүн чет элдик кампасын ачуу боюнча келишимге кол коюлду

«Кыргыз почтасы» ААКнун базасында Ош шаарына Кытай почтасынын СУАР бөлүмүнүн чет элдик кампасын ачуу боюнча келишимге кол коюлду

Жанылыктар
“Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкесинин жүрүшүндө Ош шаарындагы “Кыргыз почтасы” ААКсынын базасында Кытай почтасынын СУАР бөлүмүнүн чет элдик кампасын “ЮГ” ММПО ачуу боюнча маанилүү келишимге кол коюлду. Бул келишим Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы каттамдарды тейлей турган, ошондой эле Кытай менен Европанын рынокторун бириктире турган логистикалык хабды түзүүгө багытталган. Долбоордун негизги максаты - почта жөнөтүүлөрүн, экспресс жүктөрдү жана трансчегаралык электрондук коммерцияга тиешелүү товарларды ташуу жана сорттоо эффективдүүлүгүн жогорулатуу. Бул өз кезегинде чек ара соодасын, электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө жана аймактагы логистикалык каттамдарды өнүктүрүүгө салым кошушу керек. Кол коюлган кызматташуу келишимине ылайык, тараптар чек ара соодасын өнүктүрүү үчүн Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда атайын логистикалык каттамдарды түзүү аркылуу кызматташууну тереңдетүүнү пландаштырууда. Логистикалык хаб эл аралык почта жана электрондук коммерция товарларын кайра иштетүү үчүн интеграцияланган платформаны камсыздайт, бул B2C логистикасы жана тышкы…
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК Кашкар ЭЭАдагы логистикалык кампасынан кабар алды

«Кыргыз почтасы» ААК Кашкар ЭЭАдагы логистикалык кампасынан кабар алды

Жанылыктар
«Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия» 14-жарманкесине болгон иш сапарынын алкагында «Кыргыз почтасы» ААКнын жетекчиси Марат Черикчиев жана анын командасы «Кашкар» эркин экономикалык аймагындагы (ЭЭА) «Кыргыз почтасы» ААКтын логистикалык кампасында болушту. Эске салсак, логистикалык кампа 2023-жылдын август айында China Post менен биргеликте “Эки өлкө, эки парк” демилгесинин алкагында ачылган. Кампага баруу ЭЭАнын алкагында уюштурулган логистикалык процесстерди текшерүүгө жана «Кыргыз почтасы» ААК менен Кытай почтасынын мындан аркы кызматташуусу, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жолдорун өнүктүрүү маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берди. Бул кызматташтык экономикалык байланыштарды чыңдоого, чек ара соодасына, электрондук коммерцияга жана аймактагы логистикалык каттамдарды өнүктүрүүгө багытталган.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК “Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкесине катышты

“Кыргыз почтасы” ААК “Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкесине катышты

Жанылыктар
17-августта Кытай Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда “Кашкар Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкеси болуп өттү. Көргөзмөгө катышуу үчүн дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн жана аймактарынан келген 700 компания өз продукцияларын көрсөтө алышты. Анын арасында “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ да биринчи ирет көргөзмөгө катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө ар тармактуу жолугушуулар, негизги долбоорлорго кол коюу жана сооданы алдыга жылдыруу боюнча бир катар иш чаралар өткөрүлдү. Xinjiang Martina International Logistics Co., Ltd. 20 жылга жакын убакыттан бери тышкы соода менен алектенет. Ал көптөгөн ата мекендик көргөзмөлөргө катышып, бул жолу ишкана Кашкардагы жарманкеге Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан төрт компаниянын ондогон продукциясын алып келди. Ишкана өткөн жылдагыга караганда көбүрөөк заказдарды жабуу максатында суусундуктарды, кургак жемиштерди, шоколаддарды жана башка азыктарды алып келген. Кашкар Кытайдын пилоттук эркин соода аймактарынын бири. Бул жерде 2005-жылдан бери Кашкар…
Read More
“Кыргыз почтасы” жана ЮНИСЕФ өспүрүмдөр арасында дилбаян сынагын жарыялайт

“Кыргыз почтасы” жана ЮНИСЕФ өспүрүмдөр арасында дилбаян сынагын жарыялайт

Жанылыктар
«Кыргыз почтасы» ААК жана ЮНИСЕФ 9 жаштан 15 жашка чейинки балдар арасында дилбаян жазуу сынагын жарыялайт. Катышуучулар “Баланын укуктары күнүмдүк жашоодо” деген темада дилбаян жазып, аны почта аркылуу жөнөтүүсү керек. Бул сынак Кыргыз Республикасы Баланын укуктары жөнүндө конвенцияга кошулганына 30 жылдыгына жана «Кыргыз почтасы» ААКнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Дилбаянда балдар өз укуктары жана бул укуктар аларга күнүмдүк жашоодо кандай жардам берери жөнүндө жазышы керек. Ошондой эле келечектеги кыялдары жана пландары менен бөлүшүп, дүйнөнү жакшыртуу үчүн өз укуктарын кантип пайдалана алаары жөнүндө ой жүргүртүүсү мене бөлүшсө болот. Сынактын катышуучуларынын дилбаяндары жакынкы почта байланыш бөлүмдөрү аркылуу атайын маркаларды жана конверттерди колдонуу менен акысыз жөнөтө алышат. Анткени бекер жөнөтүү үчүн атайын почта маркалары чыгарылган. Эсселер 2024-жылдын 22-октябрына чейин 720001 Бишкек шаары, Чүй пр., 227 «Кыргыз почтасы» ААК дареги боюнча кабыл алынат. Конвертте…
Read More
Кыргызстандык Аяна Жолонованын дилбаяны Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун официалдык баракчасына жарыяланды

Кыргызстандык Аяна Жолонованын дилбаяны Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун официалдык баракчасына жарыяланды

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКму Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун демилгеси менен жыл сайын мектеп окуучуларынын арасында дилбаян жазуу сынагын өткөрүп келет. 2024-жылы “Келечек муундарга, мурас катары калат деп үмүттөнгөн дүйнө жөнүндө кат жазыңыз”-деген темада эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагы өткөрүлгөн. Конкурстун жеңүүүлөрү аныкталып, анын арасынан 14 жаштагы Аяна Жолонованын дилбаяны кыргыз почтасы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна жөнөтүлгөн. Учурда 172 мүчө өлкөлөрдүн арасынан жеңүүчү аныктала элек бирок Кыргызстандык Аяна Жолонованын дилбаяны Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун официалдык баракчасына жарыялады. Кыргыз окуучусунун дүйнөлүк деңгээлдеги сынакта көзгө түшүүсүнө себепчи болуу бул кыргыз почтасы үчүн чоң жетишкендик. Ошондой эле “Кыргыз почтасы” ААКму Аяна Жолонованын байгелүү орунду алышына тилектештигин билдирет. “Кыргыз почтасы” ААКму тарабынан Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна жөнөтүлгөн Аяна Жолоновнын дилбаяны төмөндөгүчө жазылган. “ Жалал-Абадда кереметтүү Сары-Челек көлү…
Read More
“Кыргыз Почтасы” ААКму «Табарман» бизнес аянтчасы менен биргеликте экинчи эл аралык “E -com KG 2024” форумун өткөрдү.

“Кыргыз Почтасы” ААКму «Табарман» бизнес аянтчасы менен биргеликте экинчи эл аралык “E -com KG 2024” форумун өткөрдү.

Жанылыктар
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ошонун ичинде Кыргызстандык ишкерлердин жана өндүрүшчүлөрдүн билим деңгээлин, квалификациясын жогорулатуу ошондой эле онлайн соода аянтчалары аркылуу чек ара соода чөйрөсүндө товарларды жана кызматтарды сатууну көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү максатында «Кыргыз почтасы» ААКму “Табарман” бизнес аянтчасы менен биргеликте 2024-жылдын 26-июлунан 28-июлуна чейин Ысык-Көл облусунунда “E -com KG 2024” эл аралык форумун өткөрдү. Форумга 1000ден ашык адам катыша алды. Бул иш-чара электрондук соода тармагындагы алдыңкы эксперттерди, ишкерлерди, инвесторлорду жана инноваторлорду, ошондой эле Эстония, Түркмөнстан жана Түркиянын почта уюмдарын бириктирди. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарынан видеоконференция аркылуу ачып берди. Ал өз сөзүндө электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почта кызматы жанданып, почтальон дагы бир жолу биздин замандын каарманына айланаарын айтты. Форумда Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүнүн жана логистикалык компаниялардын экспозициялары, электрондук коммерциялык рынокко…
Read More
“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому макулатураны эсептен чыгаруу жөнүндө жарыялайт.

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому макулатураны эсептен чыгаруу жөнүндө жарыялайт.

Сунуштар
"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому Макулатураны эсептен чыгаруу жөнүндө жарыялайт. Келишим түзүү үчүн бардык кызыкдар тараптар коммерциялык сунуштарды 17:00 саат 01.08.2024 чейин төмөнкү электрондук дарекке бере алышат: mail.post.kg, attokurov@post.kg. бул жарыяга тиешелүү бардык суроолор боюнча төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот.+996 312 61 36. Файл тиркемеси: жүктөө
Read More
Кытайдын ири логистикалык компаниясы “Кыргыз почтасы” ААКна кызматташууну сунуштады.

Кытайдын ири логистикалык компаниясы “Кыргыз почтасы” ААКна кызматташууну сунуштады.

Жанылыктар
2024-жылдын 18-июлунда Кытайдын Cainiao Smart Logistics Network Limited логистикалык компаниясынын кызматкерлери “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ менен жолугушту. Жолугушууда Кытайдын ири логистикалык компанияларынын бири болгон Cainiao кыргыз почтасына кызматташууну сунуштады. Иш чаранын жүрүшүндө эки тарап бири-биринин ишмердүүлүктөрү туурасындагы маалыматтар менен видео роликтерди көрсөтүү аркылуу бөлүшүштү. “Кыргыз почтасы “ ААКнун башкы директору Марат Черикчиев кызматташуу туурасындагы сунушка Cainiao Smart Logistics Network Limited логистикалык компаниясы туурасында кененирээк иликтеп, ага ылайык жообун күз айларында айтаары белгилүү болду. Белгилей кетсек Cainiao Smart Logistics Network Limited курьердик кызматтарды күнү-түнү аткарууга адистешкен логистикалык ири компания. Мындан тышкары кампа роботторун жана пилотсуз жеткирүү транспорт каражаттарын иштеп чыгат.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААКнун жетекчилиги почта ардагерлери менен жолугушту.

“Кыргыз почтасы” ААКнун жетекчилиги почта ардагерлери менен жолугушту.

Жанылыктар
2024-жылдын 18-июлунда “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ почта ардагерлери менен жолугушту. Жолугушууда ишкана башчысы ардагерлерге кыргыз почтасынын ишмердүүлүгү, жетишкен ийгиликтери жана алдыга коюлган пландары менен бөлүштү. Иш чарада ардагерлер да жетекчиликке өз пикирлерин билдиришип, кеңештери менен бөлүшүштү. Өз сөзүндө Марат Черикчиев алардын айткан кеңештерин кыргыз почтасынын ишмердүүлүгүндө колдоноорун баса белгилеп, аларга терең ыраазычылыгын билдирди.
Read More