Кадамжай райондук филиалынын кызматкерлери Ташкентте экскурсияда

Кадамжай райондук филиалынын кызматкерлери Ташкентте экскурсияда

Жанылыктар
7-май Байланыш кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата «Кыргыз почтасы» ААКтын Кадамжай райондук филиалынын кызматкерлери үчүн Ташкент шаарына экскурсия уюштурулду. Сапардын алкагында алар АК "Узпочта"нын башкы почтамтында өз үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына почта аркылуу кат жөнөтүп, кардар катары кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланышты. Алар маркалар менен открыткаларды сатып алып, жөнөтүү процессин өз көздөрү менен көрүштү. Бул иш-чара кызматкерлердин кесиптик тажрыйбасын кеңейтүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК кызматкерлери Ысык-Көлдөгү Run the Silk Road марафонуна катышты

«Кыргыз почтасы» ААК кызматкерлери Ысык-Көлдөгү Run the Silk Road марафонуна катышты

Жанылыктар
Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык ШКУ Run the Silk Road марафонуна дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн 3 000ге жакын спортчу жана спорт сүйүүчүлөр катышты. Жарыш Ысык-Көлдүн кооз жээгинде, деңиз деңгээлинен 1 600 метр бийиктикте өттү. «Кыргыз почтасы» ААКнын кызматкерлери бул ири спорттук иш-чарага активдүү катышышты. Айрыкча, биздин кесиптешибиз Максат Омуралиевдин 10 км скандинавиялык басуу дисциплинасында үчүнчү орунду ээлеши биз үчүн чоң сыймык. Биз Максатты бул жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана бардык кызматкерлерибизге спортко болгон кызыгуусу жана дени сак жашоо образын карманганы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин мисал компаниябыздын командалык рухун бекемдеп, башкаларга дем берет.
Read More
Кыргыз почтасына келип түшкөн «Өзүңүздү океан деп элестетиңиз» темасындагы дилбаяндарды атайын түзүлгөн комиссия текшерүүдө

Кыргыз почтасына келип түшкөн «Өзүңүздү океан деп элестетиңиз» темасындагы дилбаяндарды атайын түзүлгөн комиссия текшерүүдө

Жанылыктар
Бүткүл дүйнөлүк Почта Союзунун демилгеси менен «Кыргыз почтасы» ААК КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурган мектеп окуучулары арасында дил баян жазуу сынагына каттарды кабыл алуу 2025-жылдын 7-апрелинде токтотулган. Учурда 9 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр жазган дилбаяндар атайын дайындалган комиссия тарабынан текшерилүүдө. КР боюнча жалпысынан 5000ге жакын “Өзүңүздү океан деп элестетиңиз”- темасында жазылган каттар кыргыз почтасына келип түшкөн. Белгилей кетсек сынактын райондук деңгээлдеги жыйынтыгы 2025-жылдын 25-майына чейин аныкталып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат. Ал эми Республикалык деңгээлдеги жыйынтык 9-октябрь Дүйнөлүк почта күнүнө карата аныкталып, анда 1-чи, 2-чи жана 3-чу орун ээлерине баалуу белектер «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан тапшырылат.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК 2024-жылдын жыйынтыгын кеңейтилген коллегияда чыгарды

«Кыргыз почтасы» ААК 2024-жылдын жыйынтыгын кеңейтилген коллегияда чыгарды

Жанылыктар
Бишкек шаарында «Кыргыз почтасы» ААКтын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган кеңейтилген коллегия болуп өттү. Иш-чарага «Кыргыз почтасы» ААКтын башкы директору Марат Черикчиев, анын орун басарлары, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык филиалдардын жетекчилери болуп 60тан ашуун кызматкерлер катышты. Коллегияда компаниянын финансылык жана чарбалык ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү, санариптештирүү жана логистика тармагындагы жетишкендиктер, ошондой эле эл аралык маркетплейстер менен иштөөдө жаңы чечимдерди киргизүүнүн натыйжалары талкууланды. Айрыкча, тейлөө сапатын жогорулатуу жана филиалдар арасындагы ички өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөрдүн өсүшүн белгилешип, 2025-жылга карата стратегиялык багыттарды талкуулашты. Коллегия пикир алмашуу, учурдагы натыйжаларды талдоо жана жаңы максаттарды аныктоо үчүн маанилүү аянтча болду. «Кыргыз почтасы» ААК заманбап почта инфраструктурасын өнүктүрүү жана республика боюнча көрсөтүлүп жаткан кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуу багытында ишин улантат.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК тажрыйба алмашуу максатында экскурсия уюштурду

«Кыргыз почтасы» ААК тажрыйба алмашуу максатында экскурсия уюштурду

Жанылыктар
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргыз почтасы» ААК 60тан ашуун кызматкердин, анын ичинде борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана аймактык филиалдардын жетекчилеринин катышуусунда тажрыйба алмашууга багытталган экскурсия өткөрдү. Иш-чара Бишкек шаарындагы №5 жана №73 почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле Эл аралык почта алмашуу жана логистика борборунун филиалында өткөрүлүп, катышуучулар бул бөлүмдөрдүн иши менен жакындан таанышышты. Өзгөчө көңүл почта жөнөтүүлөрүн, анын ичинде мамлекеттик маанидеги документтерди магистралдык багыттар боюнча кабыл алуу, иштетүү жана жеткирүү процесстерине бурулду. Экскурсия учурунда почта жөнөтмөлөрүн кабыл алууну оптималдаштырууга багытталган Face ID системасынын иштеши көрсөтүлүп, саатына 160 миң жөнөтмөгө чейин иштей алган жогорку ылдамдыктагы сорттоочу жабдуу менен жабдылган "А" класстагы жаңы логистикалык борбор тааныштырылды. Бул иш-чара «Кыргыз почтасынын» түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда мыкты тажрыйбаларды жайылтууга жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түздү.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып, өнүгүүнүн жаңы горизонтторун белгиледи

«Кыргыз почтасы» ААК 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып, өнүгүүнүн жаңы горизонтторун белгиледи

Жанылыктар
2025-жылдын 28-апрелинде Бишкекте Кыргыз почтасынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү. Иш-чарада 2024-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылып, жакынкы келечектеги стратегиялык артыкчылыктар белгиленди. Жыйынга КР санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов, «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев, Финансы министрлигинин, текшерүү комиссиясынын өкүлдөрү, көз карандысыз аудиторлор жана компаниянын жетекчилиги катышты. Күн тартибиндеги бардык чечимдер бир добуштан кабыл алынды. 2024-жылдагы негизги жетишкендиктер: Компаниянын кирешеси 2023-жылга салыштырмалуу 3 эсеге өстү - бул эффективдүү башкаруунун жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын өсүшүнүн натыйжасы.-Бюджеттин киреше бөлүгү 102%га аткарылып, өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу өсүү темпи 133%ды түздү. 2022-жылга салыштырмалуу кайра иштетилген почта жөнөтүүлөрдүн көлөмү 93 эсеге өстү. Ири эл аралык базарлар - Ozon, AliExpress, Wildberries, Temu жана башкалар менен келишимдер түзүлдү, бул трансчек аралык электрондук коммерция тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. «Кыргыз почтасы» ААК санариптик трансформация…
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Советтер Союзунун Кыргызстандык Баатырларына арналган эскерүү маркаларын чыгарды

«Кыргыз почтасы» ААК Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Советтер Союзунун Кыргызстандык Баатырларына арналган эскерүү маркаларын чыгарды

Жанылыктар
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата, «Кыргыз почтасы» ААК «Российская газетасы» менен биргеликте, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу жана демөөрчүлөрдүн катышуусу менен, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары болгон 73 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатырларына арналган эскерүү почта маркаларынын сериясын чыгарды. Бул маркалардын салтанаттуу гашение аземи 23-апрелде Кыргыз-Орус Славян университетинин чоң жыйындар залында болуп өттү. Иш-чарага ардагерлер, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана ардактуу коноктор катышты. Долбоордун максаты — Жеңишке өзгөчө салым кошкон баатырлардын элесин түбөлүккө сактоо жана жаш муундарды патриоттук тарбиялоого багытталган. Бул маркалардын бир бөлүгү 9-майда Москвада өтө турган Жеңиш Парадынын катышуучуларына тапшырылат. «Кыргыз почтасы» ААК мындай маанилүү долбоорго катышуу мүмкүнчүлүгүнөн сыймыктанат жана тарыхый эстеликтерди сактоо боюнча демилгелерди колдоону улантат.
Read More
ААК «Кыргыз почтасы» жана HBY LOGISTIC Борбор Азиядагы логистикалык өнүгүү үчүн KPL биргелешкен компаниясын түзүштү

ААК «Кыргыз почтасы» жана HBY LOGISTIC Борбор Азиядагы логистикалык өнүгүү үчүн KPL биргелешкен компаниясын түзүштү

Жанылыктар
Яньтянь порту менен жүргүзүлгөн мурдагы сүйлөшүүлөрдүн жана кызматташуунун алкагында, порттун туунду компаниясы HBY LOGISTIC жана ААК «Кыргыз почтасы» ГЛК компаниясы биргелешип, жаңы транспорттук компания — KPL (Kyrgyz Post Logistic) түзүштү. Бул жаңы компаниянын негизги максаты — Борбор Азия менен Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ортосунда жүк жана контейнер ташууларын уюштуруу жана тейлөө. Компаниянын негизги ишмердүүлүк базасы катары Ош шаары тандалып, анын географиялык жайгашуусу логистикалык агымдарды натыйжалуу башкарууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Өз кезегинде, HBY LOGISTIC компаниясы дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбасы менен жүк ташуулар, кампа кызматы жана логистикалык системаларды башкаруу боюнча KPLдин инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот. KPL компаниясын түзүү — эки тараптын эки жылдан ашык убакыт бою жүргүзгөн тыгыз кызматташтыгынын жемиши. Бүгүн компаниянын алгачкы акционерлер жыйыны өтүп, анда ишкананын стратегиялык багыттары жана өнүгүү пландары белгиленди. KPL келечекте эл аралык деңгээлдеги күчтүү логистикалык оператор болуп,…
Read More
Кыргызстан менен Кытай логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө: YTO Express менен жолугушуу

Кыргызстан менен Кытай логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө: YTO Express менен жолугушуу

Жанылыктар
Кытайга болгон расмий иш сапарынын алкагында «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана анын делегациясы аймактагы ири логистикалык компаниялардын бири болгон YTO Express Groupтун жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы гана эмес, бүтүндөй аймактын кеңири контекстинде логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган эки компаниянын мүмкүн болгон кызматташуусунун негизги багыттары талкууланды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эл аралык жүктөрдү кайра иштетүүнү жакшыртууга, почта жана логистикалык инфраструктураны модернизациялоого жардам бере турган биргелешкен логистикалык долбоорлорду түзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Кыргыз почтасынын жана YTO Expressтин тажрыйбасы менен ресурстарынын айкалышы Кыргызстан үчүн эл аралык логистика тармагында жаңы перспективаларды ачып, өлкөнүн дүйнөлүк соодадагы позициясын бекемдеп, кардарларга жогорку деңгээлдеги тейлөөнү камсыздайт деп күтүлүүдө. YTO Express менен өнөктөштүк трансчек аралык сооданы санариптештирүү жана өнүктүрүү процессинде маанилүү кадам болуп, кыргызстандык ишкерлерге эл аралык рынокко чыгуу жана дүйнө жүзү боюнча товарларды натыйжалуу…
Read More
«Кыргыз почтасы» Астанада өткөн Борбор Азиянын биринчи почта саммитине катышты

«Кыргыз почтасы» Астанада өткөн Борбор Азиянын биринчи почта саммитине катышты

Жанылыктар
10-апрелде Астанада логистика жана почта тармагы үчүн маанилүү болгон, «Казпочта» АК тарабынан уюштурулган, биринчи Борбордук Азия почта саммити өттү. Саммит учурдагы чакырыктарды талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташуунун жаңы багыттарын өнүктүрүү үчүн Борбордук Азиядагы алдыңкы эксперттерди жана улуттук почта операторлорунун жетекчилерин чогултту. Иш-чарага «Кыргыз почтасы» ААКтын атынан башкы директордун орун басары Назгүл Акунова катышты. Саммиттин алкагында чек ара логистикасы тармагында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду. Документке «Казпочта» АК башкармалыгынын төрайымы Асел Жанасова менен Назгүл Акунова кол коюшту. Меморандумга кол коюу өнөктөштүктү бекемдөөгө жана почта жана логистика тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө карай маанилүү кадам болду. Тараптар логистикалык процесстерди оптималдаштыруу, электрондук коммерцияны өнүктүрүү жана инновациялык чечимдерди ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөө боюнча милдеттенмелерин ырасташты. Кыргыз почтасы мындай диалог аянтчаларына катышуу туруктуу өнөктөштүктү калыптандырууга жана региондо эффективдүү почта инфраструктурасын түзүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенет.
Read More