“Кыргыз почтасы” ААК “Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкесине катышты

“Кыргыз почтасы” ААК “Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкесине катышты

Жанылыктар
17-августта Кытай Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда “Кашкар Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкеси болуп өттү. Көргөзмөгө катышуу үчүн дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн жана аймактарынан келген 700 компания өз продукцияларын көрсөтө алышты. Анын арасында “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ да биринчи ирет көргөзмөгө катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө ар тармактуу жолугушуулар, негизги долбоорлорго кол коюу жана сооданы алдыга жылдыруу боюнча бир катар иш чаралар өткөрүлдү. Xinjiang Martina International Logistics Co., Ltd. 20 жылга жакын убакыттан бери тышкы соода менен алектенет. Ал көптөгөн ата мекендик көргөзмөлөргө катышып, бул жолу ишкана Кашкардагы жарманкеге Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан төрт компаниянын ондогон продукциясын алып келди. Ишкана өткөн жылдагыга караганда көбүрөөк заказдарды жабуу максатында суусундуктарды, кургак жемиштерди, шоколаддарды жана башка азыктарды алып келген. Кашкар Кытайдын пилоттук эркин соода аймактарынын бири. Бул жерде 2005-жылдан бери Кашкар…
Read More
“Кыргыз почтасы” жана ЮНИСЕФ өспүрүмдөр арасында дилбаян сынагын жарыялайт

“Кыргыз почтасы” жана ЮНИСЕФ өспүрүмдөр арасында дилбаян сынагын жарыялайт

Жанылыктар
«Кыргыз почтасы» ААК жана ЮНИСЕФ 9 жаштан 15 жашка чейинки балдар арасында дилбаян жазуу сынагын жарыялайт. Катышуучулар “Баланын укуктары күнүмдүк жашоодо” деген темада дилбаян жазып, аны почта аркылуу жөнөтүүсү керек. Бул сынак Кыргыз Республикасы Баланын укуктары жөнүндө конвенцияга кошулганына 30 жылдыгына жана «Кыргыз почтасы» ААКнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Дилбаянда балдар өз укуктары жана бул укуктар аларга күнүмдүк жашоодо кандай жардам берери жөнүндө жазышы керек. Ошондой эле келечектеги кыялдары жана пландары менен бөлүшүп, дүйнөнү жакшыртуу үчүн өз укуктарын кантип пайдалана алаары жөнүндө ой жүргүртүүсү мене бөлүшсө болот. Сынактын катышуучуларынын дилбаяндары жакынкы почта байланыш бөлүмдөрү аркылуу атайын маркаларды жана конверттерди колдонуу менен акысыз жөнөтө алышат. Анткени бекер жөнөтүү үчүн атайын почта маркалары чыгарылган. Эсселер 2024-жылдын 22-октябрына чейин 720001 Бишкек шаары, Чүй пр., 227 «Кыргыз почтасы» ААК дареги боюнча кабыл алынат. Конвертте…
Read More
Кыргызстандык Аяна Жолонованын дилбаяны Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун официалдык баракчасына жарыяланды

Кыргызстандык Аяна Жолонованын дилбаяны Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун официалдык баракчасына жарыяланды

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКму Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун демилгеси менен жыл сайын мектеп окуучуларынын арасында дилбаян жазуу сынагын өткөрүп келет. 2024-жылы “Келечек муундарга, мурас катары калат деп үмүттөнгөн дүйнө жөнүндө кат жазыңыз”-деген темада эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагы өткөрүлгөн. Конкурстун жеңүүүлөрү аныкталып, анын арасынан 14 жаштагы Аяна Жолонованын дилбаяны кыргыз почтасы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна жөнөтүлгөн. Учурда 172 мүчө өлкөлөрдүн арасынан жеңүүчү аныктала элек бирок Кыргызстандык Аяна Жолонованын дилбаяны Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун официалдык баракчасына жарыялады. Кыргыз окуучусунун дүйнөлүк деңгээлдеги сынакта көзгө түшүүсүнө себепчи болуу бул кыргыз почтасы үчүн чоң жетишкендик. Ошондой эле “Кыргыз почтасы” ААКму Аяна Жолонованын байгелүү орунду алышына тилектештигин билдирет. “Кыргыз почтасы” ААКму тарабынан Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна жөнөтүлгөн Аяна Жолоновнын дилбаяны төмөндөгүчө жазылган. “ Жалал-Абадда кереметтүү Сары-Челек көлү…
Read More
“Кыргыз Почтасы” ААКму «Табарман» бизнес аянтчасы менен биргеликте экинчи эл аралык “E -com KG 2024” форумун өткөрдү.

“Кыргыз Почтасы” ААКму «Табарман» бизнес аянтчасы менен биргеликте экинчи эл аралык “E -com KG 2024” форумун өткөрдү.

Жанылыктар
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ошонун ичинде Кыргызстандык ишкерлердин жана өндүрүшчүлөрдүн билим деңгээлин, квалификациясын жогорулатуу ошондой эле онлайн соода аянтчалары аркылуу чек ара соода чөйрөсүндө товарларды жана кызматтарды сатууну көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү максатында «Кыргыз почтасы» ААКму “Табарман” бизнес аянтчасы менен биргеликте 2024-жылдын 26-июлунан 28-июлуна чейин Ысык-Көл облусунунда “E -com KG 2024” эл аралык форумун өткөрдү. Форумга 1000ден ашык адам катыша алды. Бул иш-чара электрондук соода тармагындагы алдыңкы эксперттерди, ишкерлерди, инвесторлорду жана инноваторлорду, ошондой эле Эстония, Түркмөнстан жана Түркиянын почта уюмдарын бириктирди. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарынан видеоконференция аркылуу ачып берди. Ал өз сөзүндө электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почта кызматы жанданып, почтальон дагы бир жолу биздин замандын каарманына айланаарын айтты. Форумда Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүнүн жана логистикалык компаниялардын экспозициялары, электрондук коммерциялык рынокко…
Read More
“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому макулатураны эсептен чыгаруу жөнүндө жарыялайт.

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому макулатураны эсептен чыгаруу жөнүндө жарыялайт.

Сунуштар
"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому Макулатураны эсептен чыгаруу жөнүндө жарыялайт. Келишим түзүү үчүн бардык кызыкдар тараптар коммерциялык сунуштарды 17:00 саат 01.08.2024 чейин төмөнкү электрондук дарекке бере алышат: mail.post.kg, attokurov@post.kg. бул жарыяга тиешелүү бардык суроолор боюнча төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот.+996 312 61 36. Файл тиркемеси: жүктөө
Read More
Кытайдын ири логистикалык компаниясы “Кыргыз почтасы” ААКна кызматташууну сунуштады.

Кытайдын ири логистикалык компаниясы “Кыргыз почтасы” ААКна кызматташууну сунуштады.

Жанылыктар
2024-жылдын 18-июлунда Кытайдын Cainiao Smart Logistics Network Limited логистикалык компаниясынын кызматкерлери “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ менен жолугушту. Жолугушууда Кытайдын ири логистикалык компанияларынын бири болгон Cainiao кыргыз почтасына кызматташууну сунуштады. Иш чаранын жүрүшүндө эки тарап бири-биринин ишмердүүлүктөрү туурасындагы маалыматтар менен видео роликтерди көрсөтүү аркылуу бөлүшүштү. “Кыргыз почтасы “ ААКнун башкы директору Марат Черикчиев кызматташуу туурасындагы сунушка Cainiao Smart Logistics Network Limited логистикалык компаниясы туурасында кененирээк иликтеп, ага ылайык жообун күз айларында айтаары белгилүү болду. Белгилей кетсек Cainiao Smart Logistics Network Limited курьердик кызматтарды күнү-түнү аткарууга адистешкен логистикалык ири компания. Мындан тышкары кампа роботторун жана пилотсуз жеткирүү транспорт каражаттарын иштеп чыгат.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААКнун жетекчилиги почта ардагерлери менен жолугушту.

“Кыргыз почтасы” ААКнун жетекчилиги почта ардагерлери менен жолугушту.

Жанылыктар
2024-жылдын 18-июлунда “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ почта ардагерлери менен жолугушту. Жолугушууда ишкана башчысы ардагерлерге кыргыз почтасынын ишмердүүлүгү, жетишкен ийгиликтери жана алдыга коюлган пландары менен бөлүштү. Иш чарада ардагерлер да жетекчиликке өз пикирлерин билдиришип, кеңештери менен бөлүшүштү. Өз сөзүндө Марат Черикчиев алардын айткан кеңештерин кыргыз почтасынын ишмердүүлүгүндө колдоноорун баса белгилеп, аларга терең ыраазычылыгын билдирди.
Read More
Абайлаңыз! Шылуундар!

Абайлаңыз! Шылуундар!

Жанылыктар
Урматтуу кесиптештер жана кардарлар. Алдамчылык фактылары көбөйгөндүктөн, сергек жана этият болууну суранабыз. Эскерте кетсек, "Кыргызпочтасы" ААК эч качан жеке маалыматты, сыр сөздү же башка купуя маалыматтарды электрондук почта, Курулуш жана мессенджерлер аркылуу сурабайт. Сураныч, шектүү шилтемелерди чыкылдатпаңыз жана белгисиз жөнөтүүчүлөрдүн электрондук почталарында тиркемелерди ачпаңыз. Эгер сизге шек туудурган билдирүү келсе же жеке маалыматты сурасаңыз, дароо коопсуздукка же техникалык колдоого кабарлаңыз. Дайындарыңызды коргоп, этият болуңуз! Урматтоо менен, ОАО "Кыргызпочтасы"
Read More
“Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында 40тан ашуун эки тараптуу документтерге кол коюлду.

“Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында 40тан ашуун эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Жанылыктар
Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарында өткөн "Кытай-Евразия ЭКСПО" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле бизнес-коомчулуктун ортосунда 40тан ашык документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, жалпы суммасы 1,5 миллиард долларды түзгөн эки тараптуу документтерге энергетика, машина куруу, логистика, соода, тоо-кен тармагы сыяктуу тармактарда кол коюлду. Белгилей кетсек, кол коюу аземине Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга кызыктар ишкерлер катышты. Алар өз тармактары боюнча В2В форматында жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карашты. "Эки өлкө, эки Парк"демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз почтасы ААК, Кашгар КЭР экономикалык өнүктүрүү зонасын башкаруу боюнча комитети жана КЭР инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча Кашгар кытай-кыргыз компаниясы менен бирдикте бир катар долбоорлор боюнча алкактык макулдашууга…
Read More

Юрист

Без рубрики
Талаптар: Жогорку юридикалык билим (акыркы курстардын студенттери болушу мүмкүн) Юридикалык кызмат стажы милдеттүү эмес КР жарандык жана эмгектик укук чөйрөсүндөгү мыйзамдарын билүү артыкчылык болуп саналат Татаал укуктук маселелерди талдоо жана практикалык чечимдерди сунуштоо жөндөмү Жакшы байланыш көндүмдөрү Юридикалык топту натыйжалуу башкаруу, милдеттерди бөлүштүрүү, тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө Кесиптик этиканы сактоо Сүйлөшүү жөндөмдүүлүгү Өз ишин пландаштыруу жана уюштуруу боюнча жакшы билүү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу Толук жумуш күнү 9.00-18.00 түшкү тамак 12.30-13.30 5/2 графиги Чыгуулар жана командировкалар Макулдашылган эмгек акы
Read More