Автобусту сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүү жөнүндө жарыя

Автобусту сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүү жөнүндө жарыя

Тендерлер
“Пост Бас” ЖЧКнын Уставдын негизинде иш алып барган башкы директору Хакимов Сатыбалды Адинаевичтин атынан өзүнүн баланстык мүлкүн, атап айтканда, автотранспорт каражатын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт. Сатууга коюлган мүлк жөнүндө маалымат (№3 лот): — Аталышы (маркасы, модели): Golden Dragon XM Q6129P2 үлгүсүндөгү автобус; — чыгарылган жылы: 2019; — мамлекеттик номери: 01KG095BH; — VIN: LA6R1HSL7BB100734; — Баштапкы (старттык) баасы: 727 500 сом. Сооданы өткөрүүнүн шарттары: — Сооданын формасы: баа боюнча сунуштарды берүү формасындагы ачык аукцион; — Аукционду өткөрүү күнү жана убактысы: 09.11.2026-жылы саат 09:00дө; — Аукцион өткөрүлүүчү жер: Бишкек шаары, Фучик көчөсү 90/1, «Пост Бас» ЖЧКнын кеңсеси; — Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү жана убактысы: 07.10.2026-жылдан 07.11.2026-жылга чейин, күн сайын саат 9:00дөн 17:00гө чейин; — Арыздарды кабыл алуу жана автобусту кароо дареги: автобусту кароо иш күндөрү алдын ала макулдашуу боюнча жүргүзүлөт…
Read More
“Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Лейлек районундагы чек арага жакын почта байланыш бөлүмдөрүнөн кабар алды

“Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Лейлек районундагы чек арага жакын почта байланыш бөлүмдөрүнөн кабар алды

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев Раззаков шаарына болгон иш сапарында Лейлек филиалына караштуу чек арага жакын почта байланыш бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты. Сапардын алкагында Сүлүктү шаарындагы, ошондой эле Интернационал жана Кулунду калктуу конуштарындагы байланыш бөлүмдөрүнө барды. Сапар учурунда жетекчи бөлүмдөрдүн иши, кызматкерлердин эмгек шарттары жана калкка почта кызматтарын көрсөтүү иштери менен таанышты. Жамааттар менен жолугушууда учурдагы маселелер, көйгөйлөр жана чек арадагы калктуу конуштарда кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, почта тармагын мындан ары да өнүктүрүүгө багытталган сунуштар талкууланды. “Кыргыз почтасы” ААКнын чек арадагы бөлүмдөрүн өнүктүрүү жана колдоо компаниянын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Кызматкерлер үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана алыскы жана чек ара аймактарындагы тургундар үчүн почта кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААКта мамлекеттик тил күнү белгиленди

“Кыргыз почтасы” ААКта мамлекеттик тил күнү белгиленди

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага кызматкерлер улуттук кийимде катышып, “Кыргызтест” системасы боюнча тестирлөөдөн өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун аткаруунун алкагында борбордук аппараттын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди өздөштүрүү боюнча окутуу жана консультациялык иш-чаралар уюштурулган. Кызматкерлерге “Кыргызтест” системасы боюнча тестирлөөгө даярдануу үчүн керектүү маалыматтар берилип, алар тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүшкөн. Иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, анын кесиптик чөйрөдө колдонулушун кеңейтүүгө жана кызматкерлердин тил билүү деңгээлин жогорулатууга багытталды. “Кыргыз почтасы” ААК мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктарды урматтоого багытталган иш-чараларды мындан ары да колдойт.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз-Кытай товарлар көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз-Кытай товарлар көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

Жанылыктар
Бишкек шаарында Кыргыз-Кытай (Синьцзян) товарлар көргөзмөсү – 2026нын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана Кыргызстан менен Кытайдан келген 100дөн ашык компания катышты. “Кыргыз почтасы” ААК да көргөзмөнүн ачылышына катышты. Көргөзмө эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн жолугушуусуна, жаңы байланыштарды түзүүгө жана кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү. Катышуучулар өздөрүнүн товарларын жана долбоорлорун тааныштырып, соода, инвестиция, логистика жана электрондук соода тармактарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. “Кыргыз почтасы” ААК кытайлык өнөктөштөр менен кызматташууну, өзгөчө почта логистикасы жана электрондук соода багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар. Мындай иш-чараларга катышуу жаңы өнөктөштөрдү табууга, тажрыйба алмашууга жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК РССттин юбилейлик медалы менен сыйланды

“Кыргыз почтасы” ААК РССттин юбилейлик медалы менен сыйланды

Жанылыктар
Москва шаарында Байланыш тармагындагы Регионалдык Шериктештиктин (РСС) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган юбилейлик форум болуп өттү. Форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, улуттук почта операторлору, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана байланыш, санариптик технологиялар жана логистика тармагындагы адистер катышты. Иш-чарада почта тармагын өнүктүрүү, санариптештирүү, электрондук коммерция, логистика жана маалыматтык коопсуздук маселелери талкууланды. Форумдун алкагында юбилейлик сыйлыктар тапшырылды. “Кыргыз почтасы” ААК почта тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, эл аралык кызматташтыкты бекемдегени жана РССтин ишине активдүү катышканы үчүн РССтин юбилейлик медалы менен сыйланды. Бул медаль “Кыргыз почтасы” ААКнын жамаатынын почта кызматтарын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө багытындагы эмгегине берилген жогорку баа болуп саналат. «Кыргыз почтасы» ААК РССке ыраазычылык билдирип, мындан ары да почта тармагын өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча ишин улантат.
Read More
Кыргызстан — Пакистан: почта логистикасы жана электрондук коммерция үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Кыргызстан — Пакистан: почта логистикасы жана электрондук коммерция үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Жанылыктар
Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында “Кыргыз почтасы” ААК менен Pakistan Post эл аралык почта кызматтары, логистика жана трансчек аралык электрондук коммерция жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты. Кызматташтыктын негизги багыттарынын бири B2C, C2C жана B2B форматтарындагы электрондук коммерциялык жөнөтүүлөрдү жеткирүүнү уюштуруу, ошондой эле EMS кызматын, кат-кабарларды жана посылкаларды жеткирүү кызматтарын өнүктүрүү болот. Өзгөчө көңүл Кытайдан Кыргызстан аркылуу Пакистанга почта жөнөтүүлөрүн жана электрондук коммерциялык жүктөрдү автомобиль транспорту менен транзиттик ташууну өнүктүрүүгө бурулат. Бул үч өлкөнү байланыштырган жаңы эл аралык логистикалык багытты түзүүгө мүмкүндүк берет. Pakistan Post менен өнөктөштүк “Кыргыз почтасы” ААК үчүн эл аралык логистиканы кеңейтүүгө, электрондук коммерция кызматтарын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын аймактык транспорттук-логистикалык каттамдардагы ролун бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Read More
Кыргызстан менен Монголия почта маркалары жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Кыргызстан менен Монголия почта маркалары жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКнын жана Монголия почтасынын өкүлдөрүнүн ортосунда почта маркаларын чыгаруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова жана Монголия почтасынын почта маркалары жана баалуу кагаздар бөлүмүнүн директору Bilguun Bayarsaikhan катышты. Тараптар биргелешкен почта маркаларын чыгаруу долбоорун ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Бул демилге эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана алардын тарыхый-маданий мурастарын кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө, кесиптик тажрыйба алмашууга жана почта жана логистика тармагындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Read More
Кыргызстан — Кытай: электрондук соода-сатыкты өнүктүрүүдөгү жаңы кадам

Кыргызстан — Кытай: электрондук соода-сатыкты өнүктүрүүдөгү жаңы кадам

Жанылыктар
Мамлекеттик “Ала-Арча-1” резиденциясында өтүп жаткан “Кыргызстан — Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы гүлдөп-өсүүгө карай жол” аттуу кыргыз-кытай инвестициялык форумунун алкагында “Кыргыз почтасы” ААК менен кытайлык Kashgar Fengxin Trading Co., Ltd. компаниясы Кыргызстанда заманбап электрондук коммерция платформасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Долбоор эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын бекемдөөгө жана биргелешкен санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган. Жаңы платформа электрондук сооданы “Кыргыз почтасы” ААКнын логистикалык инфраструктурасы менен бириктирет. Өлкө боюнча жайгашкан почта жана логистикалык объектилердин кеңири тармагы онлайн-сатууларды жеткирүү системасы менен байланыштырууга мүмкүндүк берет. Долбоор кыргызстандык ишкерлерге өз продукциясын жайылтууга, сатуу каналдарын кеңейтүүгө жана эл аралык рынокторго чыгууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Долбоордун концепциясы кадимки маркетплейстен кыйла кеңири болот. Анда онлайн соода менен катар санариптик контентти жана жасалма интеллект технологияларынын жардамы менен заманбап кызматтарды өнүктүрүү каралган. “Кыргыз почтасы” ААК салттуу почта…
Read More
Автобусту сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүү жөнүндө жарыя

Автобусту сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүү жөнүндө жарыя

Тендерлер
“Пост Бас” ЖЧКнын Уставдын негизинде иш алып барган башкы директору Хакимов Сатыбалды Адинаевичтин атынан өзүнүн баланстык мүлкүн, атап айтканда, автотранспорт каражатын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт. Сатууга коюлган мүлк жөнүндө маалымат (№2 лот): — Аталышы (маркасы, модели): Golden Dragon XM Q6129P2 үлгүсүндөгү автобус; — чыгарылган жылы: 2019; — мамлекеттик номери: 01KG095BH; — VIN: LA6R1HSL7BB100734; — Баштапкы (старттык) баасы: 970 000 (тогуз жүз жетимиш миң) сом; Сооданы өткөрүүнүн шарттары: — Сооданын формасы: баа боюнча сунуштарды берүү формасындагы ачык аукцион; — Аукционду өткөрүү күнү жана убактысы: 28.09.2026-жылы саат 09:00дө; — Аукцион өткөрүлүүчү жер: Бишкек шаары, Фучик көчөсү 90/1, «Пост Бас» ЖЧКнын кеңсеси; — Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү жана убактысы: 26.08.2026-жылдан 26.09.2026-жылга чейин, күн сайын саат 9:00дөн 17:00гө чейин; — Арыздарды кабыл алуу жана автобусту кароо дареги: автобусту кароо иш күндөрү алдын…
Read More
Жаңы почта маркасы байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин 35 жылдыгына арналды

Жаңы почта маркасы байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин 35 жылдыгына арналды

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК Байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин 35 жылдыгына арналган жаңы почта маркасын чыгарды. Почта маркасын мөөрлөө аземи Чолпон-Ата шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №2 мамлекеттик резиденциясында өттү. Аземге Байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин башкы директору Алексей Бородин, Кыргыз Республикасынын Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев жана “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө юбилейлик датага арналган атайын эстелик штемпель почта маркасына басылды. Жаңы почта маркасында Байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин логотиби, заманбап байланыш технологияларынын символдору, «35» саны жана кыргыздын улуттук оймо-чиймелери чагылдырылган. Юбилейлик чыгарылыш Байланыш тармагындагы региондук шериктештикке мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоорунун алкагында чыгарылып, байланыш тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Read More