“Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери сергек жашоо образында

“Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери сергек жашоо образында

Жанылыктар
Калк арасында сергек жашоо образын жана спортту жайылтуу максатында бүгүн Бишкек шаарында «ONE RUN-2024» эл аралык жарым марафону болуп өттү. Марафон эртең мененки саат 7де Турдакун Усубалиев атындагы аянтта башталган. Болжол менен 2000ден ашуун адам катышкан бул иш чарага “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери дагы катышышты. Алар 21,1км, 10км, 5км чакырым аралыкта күч сынашышып, медальдар менен сыйланышты. Жарым марафонду Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, «Run the Silk Road» эл аралык марафонунун дирекциясы, КРнын жеңил атлетика федерациясы жана спорттук массалык иш чаралардын уюштуруучусу -"Баатырлар Лигасы" уюштурган. Белгилей кетсек жарым марафон бир эле учурда Египетте, Бразилияда, Камерунда, Катарда, Кытайда, Бахрейнде, БАЭде, Сербияда, Түркияда, Орусиянын 89 аймагында, Беларуста, Тажикстанда, Кытайда, Өзбекстанда жана башка өлкөлөрдө өтөрү белгиллүү болгон.
Read More
«Кыргыз почтасы” ААКнун өкүлдөрү Ташкент шаарында өткөн аймактык семинарга катышышууда

«Кыргыз почтасы” ААКнун өкүлдөрү Ташкент шаарында өткөн аймактык семинарга катышышууда

Жанылыктар
13-майда “ операциялык эффективдүүлүктү жогорулатуу жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү”- боюнча аймактык семинар Өзбекистандын Ташкент шаарында өз ишин баштаган. Бул (ORE 3) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн почта коопсуздугу боюнча өткөрүлгөн экинчи семинар. Семинарга “Кыргыз почтасы” ААКнун өкүлдөрү да катышышууда. Семинардын катышуучулары төмөнкү темаларды талкуулашат:🔹 дайындалган операторлор тарабынан ORE долбоорунун улуттук жол карталары жана иш-чаралардын пландарын ишке ашыруу абалы,🔹катышууга дайындалган операторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын баалоо жана сапатын жогорулатуу боюнча аныкталган көйгөйлөрдү талкуулоо,🔹продукт интеграциялык планы жана физикалык кызматын өнүктүрүү,🔹жалпы коопсуздук чаралары, S58/S59 стандарттарын ишке ашыруу,🔹киберкоопсуздук🔹бажы жана укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуу. Белгилей кетсек семинарга Дүйнөлүк почта Бирлигинин, регионалдык байланыш Шериктештиги, "ПостЕвропа" почта операторлор ассоциациясынын өкүлдөрү, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия почта кызматтарынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чара 16-майда жыйынтыкталат.
Read More
Кыргыз почтасынын желеги “Комсомолец” чокусунда желбиреди

Кыргыз почтасынын желеги “Комсомолец” чокусунда желбиреди

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКнун инвестиция жана өнүктүрүү башкармалыгынын менеджери Рустам Ускенбаев 1-майда Кыргыз почтасынын желегин деңиз деңгээлинен 4202метр бийиктикте жайгашкан “Комсомолец” чокусунда желбиретти. Рустам буга чейин альпинизм менен алектенген эмес. Бул анын багындырган биринчи чокусу.Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана спорттук альпинизм федерациясы жыл сайын Бишкек шаарында май айынан баштап альпиниада өткөрөт. Ал Комсомолец чокусуна массалык көтөрүлүш менен башталат. Бул жылы Рустам Ускенбаев федерацияга мүчө болууну чечкен. Анын айтымында даярдыксыз чокуга чыгуу оңой болгон эмес, бирок аны багындырган өзгөчө ырахат жана өзүнө болгон ишенимди тартуулаган. Мындан ары альпинизм менен кызуу алектенип, кыргыз почтасынын желегин мындан да бийик чокуларда желбиретүүнү максат кылганын кошумчалады.
Read More
«Кыргыз почтасы»: MEGA&RSK Банк менен өнөктөштүк жана улуттук маркетплейстин пайдубалын түптөө.

«Кыргыз почтасы»: MEGA&RSK Банк менен өнөктөштүк жана улуттук маркетплейстин пайдубалын түптөө.

Жанылыктар
MEGA&РСК Банк тарабынан түзүлгөн GovFinTech экосистемасын өнүктүрүү боюнча коллаборация дагы бир өнөктөштүк түздү – ОАО «Кыргыз почтасы» менен. Ресурстарды бириктирүү анын негизги компоненттерин – улуттук маркетплейстин, почта жана логистика инфратүзүмүн түзүүнү ылдамдатууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, бул финтех продуктуларынын жана электрондук соода тармагынын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн кошумча башталыштарды ишке ашырууга шарт түзөт.Коллаборациянын долбоордук кеңсесинин комментарийи боюнча, бул өнөктөштүк ар бир негизги компаниянын өзүнүн санарип экосистемасын күчтөндүрүүгө жана «Кыргыз почтасынын» санариптик трансформациясын ылдамдатууга багытталууда. Коллаборациянын башкы чечими – ишкерчилик үчүн МП «Ишкер24» бул өнөктөштүк менен почта кызматы жана жүктөрдүн негизинде модулдар менен толукталат, бул ишкерлерге почта инфраструктурасын өз бизнести башкарууда натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, бул чечим «Кыргыз почтасы» аркылуу эл аралык кызматташтык долбоорлоруна интеграцияланат, электрондук сооданын өнүгүшүнө өлкөдө гана эмес, региондо да көмөк көрсөтөт.
Read More
Кыргызстандагы бизнестин келечеги маркетплейстерде.

Кыргызстандагы бизнестин келечеги маркетплейстерде.

Жанылыктар
28-апрель Бишкек шаарында электрондук коммерцияга көмөк көрсөтүү, ишкерликти онлайн тармагында өнүктүрүүгө дем берүү, экспортту ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү B2B жана B2C платформасы аркылуу ишке ашырууну өнүктүрүу максатында Кыргызстандагы электрондук коммерцияга арналган кезектеги бизнес форум өткөрүлдү. Иш чара Табарман “Кей Джи”ЖЧКнын колдоосу менен “Кыргыз почтасы” ААК, Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган. Иш чарада маркетплейстердеги бизнестин маанилүү аспектилерине, көйгөйлөрүнө, келечегине жана тренддерине өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын алкагында товар өндүрүүчүлөрдүн, банк, логистика жана башка айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүчү компаниялардын көргөзмөсү да болду. Форумдун жыйынтыгы боюнча электрондук коммерция рыногунда иштеп жаткан ишкерлерге жана компанияларга номинациялар тапшырылды.
Read More
Кыргызстанда автомобилдерди куроочу завод ачылат.

Кыргызстанда автомобилдерди куроочу завод ачылат.

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК, “Нарын” ЭЭА жана “Кашгар” ЭЭА ортосунда түзүлгөн “Эки өлкө, эки парк” демилгесинин алкагында Нарын облусуна автомобилдерди курай турган завод ачылат. Заводду ачуу иштерин баштоо үчүн Кашкар «Джиабо» технологиялык компаниясынын башкы директору Хуан Юнци, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев ортосундагы үч тараптуу Меморандумга кол коюлду. Авто машина курай турган заводду ачуу боюнча сүйлөшүүлөр 24-апрель “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы кеңсесинде 25-апрель Нарын жергесинде уланып, натыйжада Кашкар «Джиабо» технологиялык компаниясынын башкы директору Хуан Юнци баштаган кытай инвесторлоруна Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунан завод кура турганга ылайыктуу жер тилкелери каралууда. Жери аныкталса завод куруу иштери башталат. Завод курулуп бүтсө Кыргызстандын бренд белгилери менен ар түрдүү (бензин, электр энергиясы, газ менен жүргөн) автомашиналар куралып чыга баштайт. Жергиликтүү элге 100дөн 1000ге чейинки…
Read More
ААК «Кыргыз почтасы» жылдык жалпы акционерлер жыйыны болуп өттү

ААК «Кыргыз почтасы» жылдык жалпы акционерлер жыйыны болуп өттү

Жанылыктар
2024-жылдын 25-апрелинде ААК «Кыргыз почтасы» жылдык жалпы акционерлер жыйыны болуп өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын Цифрдык өнүктүрүү министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин өкүлдөрү, почтанын акционерлери катары, катышышты. ААК «Кыргыз почтасы» башкы директору Марат Черикчиев 2023-жылга карата аткарылган иш-аракеттер тууралуу доклад жасады. Жалпы жыйында күн тартибинде каралган бир катар маселелер акционерлер тарабынан бир добуштан кабыл алынды, анын ичинде ААК «Кыргыз почтасы» башкы директору Марат Черикчиевди кайрадан дайындоо боюнча чечим жана 2023-жылга карата каржы-ишкердик ишмердүүлүктүн жыйынтыгы менен алынган пайдадан почта тармагын өнүктүрүүгө каражат калтыруу тууралуу чечим кабыл алынды.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААКнун кызматкерлери «Манас» кубогунун мини-футбол боюнча турнирине катышышты

«Кыргыз почтасы» ААКнун кызматкерлери «Манас» кубогунун мини-футбол боюнча турнирине катышышты

Жанылыктар
20-21-апрель күндөрү Бишкек шаарында Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына жана 1-май эмгекчилер күнүнө арналган мамлекеттик ,муниципиалдык кызматкерлеринин арасындагы “Манас” кубогунун мини-футбол боюнча турнири болуп өттү. Турнир Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан уюштурулган. Иш чарага 36 команда-Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, министрликтердин, мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрү, журналисттер жана “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери да катышышты.Мамлекеттик мекемелердин профсоюзунун Борбордук комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей футбол эмгек жамааттарын жана спорттук командаларды бириктирүү максатында уюштурулган жана мындан ары да улантыла бермекчи.
Read More

“КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ”ААКНЫН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРҮ ҮЧҮН КОМИССИЯДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Жанылыктар
«Кыргызтелеком» ААКтын кызматтары үчүн комиссиянын курамына өзгөртүүлөр киргизилди «Кыргыз почтасы» ААКсы менен «Кыргызтелеком» ААК ортосунда келишим кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу 2024-жылдын 1-мартынан баштап бардык («Интернет Кыргызтелеком», «Интернет JET», «Телефон Кыргызтелеком»)салыктарды жана жыйымдарды кошкондо 5 сом өлчөмүндө комиссия алынат.
Read More
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почтальон кайрадан заманыбыздын каарманына айланат .

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почтальон кайрадан заманыбыздын каарманына айланат .

Жанылыктар
Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почта кызматы жанданып, почтальон дагы бир жолу биздин замандын каарманына айланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан электрондук коммерция боюнча экинчи эл аралык форумдун ачылышында видеоконференция аркылуу билдирди. “Бул маанилүү иш-чара электрондук соода тармагындагы алдыңкы эксперттерди, ишкерлерди, инвесторлорду жана новаторлорду чогултту. Министрлер Кабинети сооданын бул перспективдүү түрүн өнүктүрүү боюнча чараларды көрүп жаткандыгын белгилегим келет. Анын чындап эле перспективалуу экендигин фактылар көрсөтүп турат. Insider Intelligence (Инсайдер Интеллидженс) маалыматында, 2025-жылга чейин, дүйнөлүк электрондук соода чекене сатуу 50% га өсүшү мүмкүн, ал 7,3 триллион долларга чейин, жалпы чекене сатуунун 24,5% түзөт. Бул 2021-жылы 4,9 триллион долларга салыштырмалуу жалпы чекене сатуунун 19,6% түзөт. Бул форум Кыргызстандагы электрондук коммерция компаниялары дуушар болгон акыркы тенденцияларды жана көйгөйлөрдү…
Read More