Бүгүн, 2025-жылдын 23-майында Бишкек шаарында Кыргызстандын маркетплейстеринин биринчи Форуму болуп өттү. Бул иш-чара «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан Кыргыз Республикасынын Чек ара электрондук соода жана логистика ассоциациясы менен биргеликте, Министрлер Кабинети карамагындагы Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын колдоосу менен уюштурулду.
Форум өлкөдө электрондук сооданы, логистиканы жана санариптик экономиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулай турган маанилүү аянтчага айланды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, логистикалык компаниялардын, банк секторунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Форумдун негизги максаты – Кыргызстанда заманбап электрондук соода экосистемасын түзүүгө, улуттук маркетплейстерди жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле кыргыз товарлары менен кызматтарын ички жана эл аралык рынокторго чыгарууну колдоо болду.
Бул форум санариптик экономикада кызматташтыкты чыңдоодо жана кыргыз продукциясын илгерилетүүдө маанилүү кадам болду. «Кыргыз почтасы» ААК өлкөдө заманбап логистика менен электрондук сооданын өнүгүшүнө салым кошууну улантат.














