“Кыргыз почтасы” ААК мектеп окуучулары арасында эпистолярдык жанрдагы эл аралык сынактын башталганын жарыялайт. Сынактын темасы:“Санариптик дүйнөдө адамдардын бири-бири менен баарлашуусу эмне үчүн маанилүү экендиги тууралуу досуңа кат жаз”

“Кыргыз почтасы” ААК мектеп окуучулары арасында эпистолярдык жанрдагы эл аралык сынактын башталганын жарыялайт. Сынактын темасы:“Санариптик дүйнөдө адамдардын бири-бири менен баарлашуусу эмне үчүн маанилүү экендиги тууралуу досуңа кат жаз”

Жанылыктар
Сынак Бүткүл дүйнөлүк почта союзу тарабынан демилгеленип, балдар жана өспүрүмдөр арасында сабаттуулукту, чыгармачыл ой жүгүртүүнү жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Сынакка 9 жаштан 15 жашка чейинки мектеп окуучулары катыша алышат. Каттар 2026-жылдын 10-апрелине чейин почта байланыш бөлүмдөрү аркылуу “БДПСнын эл аралык сынагы” деген белгилөө менен заказдык кат катары кабыл алынат. Сынак эки этапта өтөт — райондук/шаардык жана республикалык. Жеңүүчүлөрдү баалуу сыйлыктар күтөт: республикалык деңгээлде ноутбук, планшет жана уюлдук телефон тапшырылат. Биринчи орунду ээлеген катышуучунун иши Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун эл аралык этабына жөнөтүлөт.
Read More
“Кыргыз почтасы” “Жашыл” мобилдүүлүк долбооруна катышты

“Кыргыз почтасы” “Жашыл” мобилдүүлүк долбооруна катышты

Жанылыктар
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына электромобилдерди расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара экологиялык таза транспортту өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында уюштурулду. Аземге “Кыргыз почтасы” ААКтын башкы директорунун орун басары Дениз Сулайманов катышты. Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) аркылуу ишке ашырылып, мамлекеттик сектордо «жашыл» мобилдүүлүк принциптерин киргизүүгө багытталган. Долбоордун алкагында “Кыргыз почтасы” ААКтын автопаркын жаңылоо, ошондой эле электромобилдер үчүн заряддоо станциясын орнотуу каралууда. “Кыргыз почтасы” ААК экологиялык таза транспортту колдонууга акырындап өтүп, “жашыл” мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана почта логистикасы тармагында туруктуу, заманбап чечимдерди киргизүүгө багытталган демилгелерди колдойт.
Read More
“КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ” ААКТЫН КЫЗМАТКЕРИ ТЕМИРБЕК УУЛУ САЛАМАТ ЖАШТАР КЕҢЕШИНИН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШТЫ

“КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ” ААКТЫН КЫЗМАТКЕРИ ТЕМИРБЕК УУЛУ САЛАМАТ ЖАШТАР КЕҢЕШИНИН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШТЫ

Жанылыктар
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратында Төраганын алдындагы жаңы түзүлгөн Жаштар кеңешинин алгачкы жыйыны болуп өттү. “Жаштар диалогу – 2026” аталышындагы жолугушуу жаштар менен депутаттардын түз жана ачык баарлашуусуна арналды. “Кыргыз почтасы” ААКнын административдик-чарбалык иш башкармалыгынын адиси Темирбек уулу Саламат жыйынга катышып, жаштардын сунуш-демилгелерин талкуулоого өз салымын кошту. “Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлеринин коомдук жана мамлекеттик демилгелерге активдүү катышуусун колдойт жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган аракеттерди маанилүү деп эсептейт.
Read More
АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАРДЫН КҮНҮНӨ КАРАТА БИЛЛЯРД БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАРДЫН КҮНҮНӨ КАРАТА БИЛЛЯРД БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жанылыктар
23-февраль – Ата мекенди коргоочулардын күнүнө карата “Кыргыз почтасы” ААК мырзалар арасында биллярд боюнча мелдеш уюштурду. Иш-чарага компаниянын ар түрдүү бөлүмдөрүнөн 40тан ашык кызматкер катышып, спорттук чеберчилигин жана тактыгын көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду Эл аралык почта алмашуу жана логистика борборунун кызматкери Кубан Абдиев, экинчи орунду “Кыргыз почтасы” ААКнын Борбордук аппаратынын Коопсуздук бөлүмүнүн начальниги Калыбек Насбеков, үчүнчү орунду күзөт кызматкери Кенчибек Сокубашев ээледи. Жеңүүчүлөргө эстелик белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мелдеш достук маанайда өтүп, корпоративдик духту бекемдөөгө жана кызматкерлердин спортко болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААКнун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери семинарга катышты

“Кыргыз почтасы” ААКнун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери семинарга катышты

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКнун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын байланыш, маалыматтык технологиялар, өнөр жай жана башка ишмердик тармактарынын кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулган семинарга катышты. Эки күндүк семинардын алкагында профсоюздук лидерлер жана активисттер «Кыргыз почтасы» ААКнун туунду компаниясынын «А» класстагы логистикалык борборуна жана Бишкек шаарынын № 5 мыкты почта байланыш бөлүмдөрүнүн бирине барышты. Семинар кызматкерлерге кесиптик билимдерин жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берди.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК кызматкери КР Тышкы иштер министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды

“Кыргыз почтасы” ААК кызматкери КР Тышкы иштер министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК маалымдайт, компаниянын тышкы экономикалык ишмердүүлүк боюнча консультанты Аида Койчуманова Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды. Сыйлык Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле өлкөнүн тышкы экономикалык байланыштарын чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн ыйгарылды. “Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кызматкердин кесиптик ишмердүүлүгүн жогору баалаганы үчүн ыраазычылык билдирет жана мамлекеттин өнүгүүсүнүн кызыкчылыгы үчүн мындан аркы натыйжалуу кызматташууга даяр экенин тастыктайт.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК менен “Социалдык дүкөндөр Евразия Кей Джи” коомдук фонду өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюшту

“Кыргыз почтасы” ААК менен “Социалдык дүкөндөр Евразия Кей Джи” коомдук фонду өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюшту

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК менен “Социалдык дүкөндөр Евразия Кей Джи” коомдук фонду социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана калктын социалдык жактан аяр катмарларын колдоого багытталган өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюшту. Тараптар почта, логистика жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле жарандардын жана региондордун кызыкчылыгына багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жаатында кызматташууну макулдашты. Меморандумдун алкагында “Кыргыз почтасы” ААКнын кызматкерлерине “Евразия” социалдык дүкөндөрүндө тейленүү мүмкүнчүлүгү каралып, бул биринчи керектелүүчү товарлардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Тараптар документ узак мөөнөттүү жана туруктуу өнөктөштүктүн негизин түзүп, калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталарын белгилешти.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК жана KOICA “Жашыл мобилдүүлүк” долбоорун ишке ашырууну талкуулады

“Кыргыз почтасы” ААК жана KOICA “Жашыл мобилдүүлүк” долбоорун ишке ашырууну талкуулады

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) эксперттери менен эки тараптуу жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана компаниянын тармактык адистери катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында «жашыл мобилдүүлүктү» өнүктүрүүнүн алкагында “Кыргыз почтасы” ААКнын автопаркынын электр унааларына өтүү долбоорунун учурдагы жүрүшүн талкуулашты. Негизги көңүл электр унааларын киргизүү маселелерине, техникалык чечимдерге, тендердик процедураларга, ошондой эле транспорт каражаттарын жана кубаттоо инфраструктурасын жайгаштырууну пландаштырууга бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да кызматташууга даяр экендиктерин ырастап, объекттерге жеринде текшерүү жүргүзүүнү жана долбоордун параметрлерин, анын ичинде техникалык жана уюштуруучулук аспектилерин деталдуу иштеп чыгууну улантууга макулдашышты.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК китеп чогултуу акциясын өткөрдү

“Кыргыз почтасы” ААК китеп чогултуу акциясын өткөрдү

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана шаардык китепканалардын фондун толуктоого багытталган кайрымдуулук акциясын уюштурду. Акциянын алкагында бардык почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле ишкананын борбордук кеңсесинде китеп чогултуу үчүн атайын кутучалар орнотулду. Китептерди почтанын кызматкерлери, ошондой эле почта бөлүмдөрүнө келген каалоочулар тапшырышты. Чогулган бардык китептер №18 шаардык китепканага өткөрүлүп берилди. Бул демилге билимге жеткиликтүүлүктү колдоого, калк арасында китеп окууну жайылтууга жана “Кыргыз почтасы” менен шаардагы социалдык маанилүү мекемелердин ортосундагы өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
Read More
Бүгүн “Ыйман” лигасы Коомдук фонду тарабынан уюштурулган, ышкыбоздор менен кесипкөй спортчулар катышкан эң күчтүү чемпионаттардын биринин финалдык беттеши болуп өттү

Бүгүн “Ыйман” лигасы Коомдук фонду тарабынан уюштурулган, ышкыбоздор менен кесипкөй спортчулар катышкан эң күчтүү чемпионаттардын биринин финалдык беттеши болуп өттү

Жанылыктар
Чемпионатка 32 команда катышып, бул мелдештин атаандаштык деңгээли жогору экенин жана анын маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады. Финалдык беттештин жыйынтыгында “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлеринен түзүлгөн команда жеңишке жетип, жогорку физикалык жана тактикалык даярдыгын, командалык ынтымакты жана мелдешке кесипкөйлүк менен мамиле жасаганын көрсөтө алды. Бул жетишкендик корпоративдик спортту өнүктүрүү, командалык духту бекемдөө жана кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтуу багытында жүргүзүлүп жаткан системалуу иштин жыйынтыгы болуп саналат. “Кыргыз почтасы” ААК командасын татыктуу жеңиши менен куттуктап, чемпионатты жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн мелдештин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирет.
Read More