Кыргызстан — Кытай: электрондук соода-сатыкты өнүктүрүүдөгү жаңы кадам

Кыргызстан — Кытай: электрондук соода-сатыкты өнүктүрүүдөгү жаңы кадам

Жанылыктар
Мамлекеттик “Ала-Арча-1” резиденциясында өтүп жаткан “Кыргызстан — Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы гүлдөп-өсүүгө карай жол” аттуу кыргыз-кытай инвестициялык форумунун алкагында “Кыргыз почтасы” ААК менен кытайлык Kashgar Fengxin Trading Co., Ltd. компаниясы Кыргызстанда заманбап электрондук коммерция платформасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Долбоор эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын бекемдөөгө жана биргелешкен санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган. Жаңы платформа электрондук сооданы “Кыргыз почтасы” ААКнын логистикалык инфраструктурасы менен бириктирет. Өлкө боюнча жайгашкан почта жана логистикалык объектилердин кеңири тармагы онлайн-сатууларды жеткирүү системасы менен байланыштырууга мүмкүндүк берет. Долбоор кыргызстандык ишкерлерге өз продукциясын жайылтууга, сатуу каналдарын кеңейтүүгө жана эл аралык рынокторго чыгууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Долбоордун концепциясы кадимки маркетплейстен кыйла кеңири болот. Анда онлайн соода менен катар санариптик контентти жана жасалма интеллект технологияларынын жардамы менен заманбап кызматтарды өнүктүрүү каралган. “Кыргыз почтасы” ААК салттуу почта…
Read More
Жаңы почта маркасы байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин 35 жылдыгына арналды

Жаңы почта маркасы байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин 35 жылдыгына арналды

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК Байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин 35 жылдыгына арналган жаңы почта маркасын чыгарды. Почта маркасын мөөрлөө аземи Чолпон-Ата шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №2 мамлекеттик резиденциясында өттү. Аземге Байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин башкы директору Алексей Бородин, Кыргыз Республикасынын Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев жана “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө юбилейлик датага арналган атайын эстелик штемпель почта маркасына басылды. Жаңы почта маркасында Байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин логотиби, заманбап байланыш технологияларынын символдору, «35» саны жана кыргыздын улуттук оймо-чиймелери чагылдырылган. Юбилейлик чыгарылыш Байланыш тармагындагы региондук шериктештикке мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоорунун алкагында чыгарылып, байланыш тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Read More
Кыргызстандын алгачкы музейинин юбилейи почта маркаларынын жаңы сериясында чагылдырылды

Кыргызстандын алгачкы музейинин юбилейи почта маркаларынын жаңы сериясында чагылдырылды

Жанылыктар
Кыргызстандын биринчи музейи М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган почта маркаларынын юбилейлик сериясына мөөр басуу аземи болуп өттү. Иш-чара "Кыргыз почтасы" ААК менен биргеликте Маданият министрлигинин, музейдин, почтанын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Юбилейдик серияга музейдин тарыхына жана Михаил Васильевич Фрунзенин жашоосуна арналган тогуз марка кирген. Маркаларда Фрунзенин портрети, музейдин имараты жана маанилүү тарыхый окуялар тартылган. Маркалардын бири ошондой эле музейди "Элдер достугу" ордени менен сыйлоого арналган. Иш-чаранын алкагында куттуктоо сөздөрү айтылып, юбилейлик конверттерге мөөр басылды. Жаңы чыгарылыш тарыхый эс тутумду сактап калуунун жана Кыргызстандын маданий мурасын чагылдыруунун дагы бир жолу болуп калды.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК жана “Россия почтасы” АК жаңы логистикалык коридор түзөт

“Кыргыз почтасы” ААК жана “Россия почтасы” АК жаңы логистикалык коридор түзөт

Жанылыктар
VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форумунун алкагында "Кыргыз почтасы" ААК жана "Россия почтасы" АК жаңы логистикалык коридорду түзүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун башталышын белгилеп, папка алмашуу аземин өткөрүштү. Документ эл аралык почта жөнөтүүлөрүн аба жана жер үстүндөгү транспорт менен Кыргыз Республикасы аркылуу Россия Федерациясына жеткирүү үчүн түз транзиттик маршрутту уюштурууну карайт. Келишимди ишке ашыруу эл аралык логистиканын натыйжалуулугун жогорулатууга, жеткирүү мөөнөттөрүн оптималдаштырууга жана почта алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. "Кыргыз почтасы" ААКнын атынан салтанатка башкы директордун орун басары Уулжан Масиянова, "Россия почтасы" АК тарабынан эл аралык бизнес боюнча дирекциянын жетекчиси Андрей Бушманов катышты. Кызматташтыктын жаңы багыты эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөдө жана заманбап почта-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форумуна катышууда

“Кыргыз почтасы” ААК VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форумуна катышууда

Жанылыктар
Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аймактар аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга арналган VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форуму өтүүдө. “Кыргыз почтасы” ААК форумдун ишине активдүү катышууда. Тематикалык сессиянын алкагында “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова баяндама жасап, компаниянын мүмкүнчүлүктөрүн, почта-логистикалык тармакты өнүктүрүү багыттарын жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын тааныштырды. Форумга катышуу “Кыргыз почтасы” ААКнын заманбап логистикалык чечимдерди өнүктүрүүгө, өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого жана почта кызматтарынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктайт.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААКнын кызматкерлери донор күнүнө катышып, кан тапшырышты

“Кыргыз почтасы” ААКнын кызматкерлери донор күнүнө катышып, кан тапшырышты

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан борбору менен биргеликте Донор күнү өткөрүлдү. Коомдун кызматкерлери акцияга активдүү катышып, ыктыярдуу түрдө кан тапшырып, адам өмүрүн сактап калууга өз салымдарын кошушту. Кан тапшыруунун алдында бардык катышуучулар милдеттүү медициналык кароодон өтүшүп, гемоглобиндин деңгээли, кан тобу жана жугуштуу оорулар боюнча лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлдү. Донордук кан хирургиялык операцияларга муктаж бейтаптарга, төрөтү оор өткөн энелерге, ошондой эле онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган адамдарга абдан зарыл. “Кыргыз почтасы” ААК кайрымдуулук акциясына катышып, донор болгон бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирет. Ар бир тапшырылган кан адам өмүрүн сактап калууга жана жардамга муктаж адамдарга үмүт тартуулоого чоң салым кошот.
Read More
Коррупцияга каршы күрөш – ар бир кызматкердин жоопкерчилиги

Коррупцияга каршы күрөш – ар бир кызматкердин жоопкерчилиги

Жанылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы мамлекеттик саясатын ишке ашыруу жана “Кыргыз почтасы” ААК тарабынан бекитилген коррупцияга каршы иш-чаралар планын аткаруу максатында Талас райондук филиалында почта кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлерге коррупциянын алдын алуу, мыйзам талаптарын так сактоо, кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик жана ачык-айкындык принциптеринин негизинде аткаруу боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү почта кызматтарынын сапатын жогорулатуу, кардарларга сылык-сыпаа мамиле кылуу жана кассалык операцияларды өз убагында, так жана ыкчам жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын соңунда кызматкерлерге коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, кызматтык этиканы жана мыйзамдуулукту бекем сактоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, жарандарга сапаттуу, ишенимдүү жана ачык-айкын кызмат көрсөтүү ар бир почта кызматкеринин негизги милдети экендиги белгиленди.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору почта бөлүмдөрүнүн эмгек жамааттары менен жолугушууларды өткөрдү

“Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору почта бөлүмдөрүнүн эмгек жамааттары менен жолугушууларды өткөрдү

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев Кара-Көл, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарларындагы почта бөлүмдөрүнүн эмгек жамааттары менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Иш сапарынын негизги максаты бөлүмдөрдүн учурдагы ишмердүүлүгүн талкуулоо жана аларды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо болду. Жолугушуулардын жүрүшүндө почта кызматтарынын сапатын жогорулатуу, өндүрүштүк процесстерди өркүндөтүү, ошондой эле кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү маселелери каралды. Ошондой эле кызматкерлердин сунуш-пикирлерине жана ыкчам чечүүнү талап кылган маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому аймактык бөлүмдөргө жумушчу сапарларды мындан ары да улантат. Бул жолугушуулар эмгек жамааттары менен өз ара байланышты чыңдоого, иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкө боюнча почта тармагын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК жаңы почта маркаларын жүгүртүүгө чыгарды

“Кыргыз почтасы” ААК жаңы почта маркаларын жүгүртүүгө чыгарды

Жанылыктар
2026-жылдын 2-июлунда Кыргыз Улуттук тарых музейинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары – Касым Тыныстановдун, Жусуп Абдрахмановдун жана Бүбүсара Бейшеналиеванын юбилейлерине арналган жаңы почта маркаларын биринчи күндүн атайын штемпели менен салтанаттуу мөөр басуу аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Дениз Сулайманов, көрүнүктүү инсандардын урпактары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, коомчулук, филателисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Салтанаттын алкагында эки жаңы филателиялык серия расмий түрдө почта жүгүртүүсүнө киргизилди. Алардын биринчиси VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган болуп, көчмөн цивилизациясынын бай маданий мурасын, кыргыз элинин улуттук салттарын жана руханий дөөлөттөрүн чагылдырса, экинчи серия Касым Тыныстановдун 125 жылдыгына, Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына жана Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган. Иш-чаранын негизги бөлүгү жаңы почта маркаларын биринчи күндүн…
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

“Кыргыз почтасы” ААК Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Жанылыктар
Бүгүн “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев өзүнүн командасы менен биргеликте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары жана мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алышты. Өзгөчө көңүл санариптик трансформацияга жана почта инфраструктурасын модернизациялоого бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин билдирип, өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.
Read More