“Кыргыз почтасы” ААК жана “Элдик Банк” электрондук коммерция рыногун өнүктүрүү боюнча Түркия почтасынын түрк компаниясы PtteM менен келишим түзүштү
"Кыргыз почтасы" ААКнун башкы директору Марат Черикчиев "Элдик Банк" ААК Башкармалыгынын Төрагасы Уланбек Ногаев менен бирдикте Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун протоколдук тапшырмасынын алкагында Түркия Республикасына иш сапары менен барды. Бул сапардын жүрүшүндө, 13-июнь, 2024-жылы Түркия почтасынын түрк компаниясы PtteM, "Кыргыз почтасы" ААК жана "Элдик Банк"ортосунда келишимге кол коюлган. Бул макулдашуу Түркиянын продукциясын Кыргызстандын рыногунда ал эми Кыргызстандын продукциясын Түркия рыногунда сатууга мүмкүндүк берүүчү трансчек аралык электрондук соода чөйрөсүндөгү кызматташтыкты билдирет. Түркияда, Кыргызстанда жана аймактык өлкөлөрдө электрондук экспорттун комплекстүү электрондук соода жана логистикалык кызматтары, анын ичинде сатып алуу, комплектөө, иштетүү, заказдарды аткаруу, бажы жагынан жол-жоболоштуруу, бөлүштүрүү жана товарларды кайтаруу көрсөтүлөт. Ошол эле аймактарда төлөм, электрондук коммерциядагы лоялдуулук программалары боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Түркия, Кыргызстан жана аймактык өлкөлөрүндө күнү-түнү көп тилдүү кардарларды колдоо кызматы жеткиликтүү болот. Марат Черикчиев…








