«Кыргыз почтасы» ААК 145 жылдыгын белгилейт

«Кыргыз почтасы» ААК 145 жылдыгын белгилейт

Жанылыктар
2024-жылдын 9-октябрында Novotel мейманканасында Кыргыз Республикасынын Почтасынын түзүлгөндүгүнүн 145 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Мүчөлөрү, өнөктөштөр жана почта кызматынын ардагерлери, ошондой эле «Кыргыз почтасы» ААКнын өкүлдөрү баш болгон 200дөн ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө компания өзүнүн тарыхы, жетишкендиктери жана ийгиликтери менен тааныштырып, конокторго белектерди тартуулайт. Салтанат концерттик программа менен коштолот. Тарых жана жетишкендиктер Кыргызстандын почта кызматынын тарыхы Россия империясы жана СССР түзүлгөндөн башталат. Мындан 145 жыл мурун Пишпек шаарында биринчи почта бөлүмдөрү ачылып, ал алыскы райондор менен борбордук шаарлардын ортосундагы байланышты камсыз кылууда маанилүү роль ойногон. 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстандын почта кызматы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. 1993-жылы өлкө Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун толук кандуу мүчөсү болуп, эл аралык почта байланышын түзүүгө мүмкүндүк берген. 1994-жылы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик департаменти…
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК менен «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

«Кыргыз почтасы» ААК менен «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

Жанылыктар
2024-жылдын 24-сентябрында «Кыргыз Почтасы» ААКсы жана «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААКсы камсыздандыруу чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө маанилүү меморандумга кол коюшту. Кол коюу салтанаттуу кырдаалда өтүп, «Кыргыз Почтасы» ААКсынын башкы директору Марат Черикчиев жана «МКУ» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеген документке өз кол тамгаларын коюшту. Мындан тышкары, Кыргызгосстрахтын кардарлары эмиөлкө боюнча Кыргыз Почтасынын каалаган филиалында камсыздандыруу полистерин (ОСАГО, ОСЖ) төлөй алышат, мунун өзү процессти бир кыйла жеңилдетип, жарандар үчүн камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн бир топ жеткиликтүү кылат. Меморандум тажрыйба алмашууну, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды киргизүүнү кошкондо, ар кандай багыттардагы өнөктөштүктү карайт. Тараптар кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө жана жарандардын кеңири чөйрөсү үчүн камсыздандыруу продукттарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга карата даяр экендиктерин да билгизишти.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААКсы Түрк почтасы менен эл аралык почта кызматын жакшыртуу боюнча келишим түздү

«Кыргыз почтасы» ААКсы Түрк почтасы менен эл аралык почта кызматын жакшыртуу боюнча келишим түздү

Жанылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Астанада өткөн Түрк мамлекеттеринин саммитинде жарыяланган демилгесинин алкагында «Кыргыз почтасы» ААКсы эл аралык кызматташтыкты бекемдөө багытында маанилүү кадам жасады. Анкарада өткөн Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык стратегиялык форумунун аянтында «Кыргыз почтасы» ААК менен Түркия почтасынын ортосунда келишимге кол коюлду. Бул макулдашуу эл аралык почта жөнөтүүлөрүн алмашууну жакшыртууга, ошондой эле логистикалык жана электрондук коммерция кызматтарына жагымдуу тарифтерди берүүгө багытталган. Форум почта байланышы тармагында эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана инновациялык чечимдерди түзүүгө көмөктөшүп, почта кызматтары арасында мыкты тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп калды.
Read More
Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун аймактык стратегиялык форуму: Кыргызстан менен Беларусиянын ортосунда келишим түзүлдү

Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун аймактык стратегиялык форуму: Кыргызстан менен Беларусиянын ортосунда келишим түзүлдү

Жанылыктар
2024-жылдын 16-17-сентябрында Анкарада Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун Европа жана Борбордук Азия үчүн аймактык стратегиялык форуму болуп өттү. Иш-чарага алдыңкы эксперттер жана почта байланышынын өкүлдөрү чогулуп, почта инфраструктурасын өнүктүрүүнүн жана эл аралык кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулашты. Форумдун алкагында «Кыргыз почтасы» ААК башкы директорунун атынан анын орун басары Уулжан Масиянова Беларусиянын почта кызматы менен келишим түздү. Келишим эл аралык почта алмашууну жакшыртууга багытталган, ошондой эле логистика жана электрондук коммерция кызматтары үчүн төмөндөтүлгөн тарифтерди сунуштайт. «Беларусь почтасы менен кызматташуу бизнес байланыштарды бекемдеп, ишкерлер жана жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүнө ишенебиз. Биздин максат – почта кызматтарын баарына жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу», — дейт Уулжан Масиянова.
Read More
Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык юбилейине арналган почта маркасына мөөр басылды

Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык юбилейине арналган почта маркасына мөөр басылды

Жанылыктар
Бүгүн 12-сентябрь Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык юбилейине арналган почта маркасына мөөр басуу аземи болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ жана ММК өкүлдөрү катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө 100 жылдык юбилейге арналган эстелик почта маркасына Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев мөөр басышты. Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын тузулгендугунун 100 жылдыгына арналган почта маркасында азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон чыгаан инсандар Ишеналы Арабаев, Айдарбек Иманалы, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков жана Жусуп Абдрахмановдун элеси чагылдырылган. Бул эстелик почта маркасы өткөн тарыхыбызды урматтоонун символу болуп, тарыхый окуянын маанилүүлүгүн эске салат. Өз сөзүндө Марат Черикчиев “бул марка биздин өткөн тарыхыбызды таануунун жана…
Read More
Кыргыз-түркмөн почта кызматташтыгынын жаңы этабы: стратегиялык келишимге кол коюлду

Кыргыз-түркмөн почта кызматташтыгынын жаңы этабы: стратегиялык келишимге кол коюлду

Жанылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун 2-ноябрда Астанада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде жарыяланган демилгесинин аркасында бүгүн 11-сентябрда Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда почта байланышын жана логистиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам жасалды. «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев Түркмөнстан почта компаниясынын башкы директору Сердар Оввадов менен онлайн баарлашып, тараптар узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшту. Бул келишимдин максаты почталык логистика жана электрондук коммерция тармагында туруктуу жана өз ара пайдалуу мамилелерди түзүү болуп саналат. Түркмөнбашы портуна чыгуу мүмкүнчүлүгү бар логистикалык комплексти колдонуу мүмкүнчүлүгү менен Кытай, Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосунда үзгүлтүксүз логистикалык чынжырды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев белгилегендей, бул келишимге кол коюу эки почта операторунун ортосундагы байланышты бекемдеп гана тим болбостон, Кыргызстан менен Түркмөнстандын жарандары үчүн кыйла натыйжалуу жана жеткиликтүү почта кызматтарын түзүүгө жол…
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүгө белек сертификаттарын таратты

“Кыргыз почтасы” ААК почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүгө белек сертификаттарын таратты

Жанылыктар
Кара-Кыргыз автономдуу областынын 100 жылдыгына карата “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын ичинде акысыз почта таңгактарын жөнөтүү үчүн 500 сомдук 100 белек сертификаттарды белек катары таратты. Ар бир сертификаттын ээси бардык салыктарды кошкондо 500 сомго чейинки суммадагы посылка жөнөтүүгө укуктуу. Сертификатты колдонууда «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан белгиленген эрежелерди жана шарттарды сактоо керек.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААКнун базасында Ош шаарына Кытай почтасынын СУАР бөлүмүнүн чет элдик кампасын ачуу боюнча келишимге кол коюлду

«Кыргыз почтасы» ААКнун базасында Ош шаарына Кытай почтасынын СУАР бөлүмүнүн чет элдик кампасын ачуу боюнча келишимге кол коюлду

Жанылыктар
“Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкесинин жүрүшүндө Ош шаарындагы “Кыргыз почтасы” ААКсынын базасында Кытай почтасынын СУАР бөлүмүнүн чет элдик кампасын “ЮГ” ММПО ачуу боюнча маанилүү келишимге кол коюлду. Бул келишим Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы каттамдарды тейлей турган, ошондой эле Кытай менен Европанын рынокторун бириктире турган логистикалык хабды түзүүгө багытталган. Долбоордун негизги максаты - почта жөнөтүүлөрүн, экспресс жүктөрдү жана трансчегаралык электрондук коммерцияга тиешелүү товарларды ташуу жана сорттоо эффективдүүлүгүн жогорулатуу. Бул өз кезегинде чек ара соодасын, электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө жана аймактагы логистикалык каттамдарды өнүктүрүүгө салым кошушу керек. Кол коюлган кызматташуу келишимине ылайык, тараптар чек ара соодасын өнүктүрүү үчүн Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда атайын логистикалык каттамдарды түзүү аркылуу кызматташууну тереңдетүүнү пландаштырууда. Логистикалык хаб эл аралык почта жана электрондук коммерция товарларын кайра иштетүү үчүн интеграцияланган платформаны камсыздайт, бул B2C логистикасы жана тышкы…
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК Кашкар ЭЭАдагы логистикалык кампасынан кабар алды

«Кыргыз почтасы» ААК Кашкар ЭЭАдагы логистикалык кампасынан кабар алды

Жанылыктар
«Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия» 14-жарманкесине болгон иш сапарынын алкагында «Кыргыз почтасы» ААКнын жетекчиси Марат Черикчиев жана анын командасы «Кашкар» эркин экономикалык аймагындагы (ЭЭА) «Кыргыз почтасы» А14АКтын логистикалык кампасында болушту. Эске салсак, логистикалык кампа 2023-жылдын август айында China Post менен биргеликте “Эки өлкө, эки парк” демилгесинин алкагында ачылган. Кампага баруу ЭЭАнын алкагында уюштурулган логистикалык процесстерди текшерүүгө жана «Кыргыз почтасы» ААК менен Кытай почтасынын мындан аркы кызматташуусу, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жолдорун өнүктүрүү маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берди. Бул кызматташтык экономикалык байланыштарды чыңдоого, чек ара соодасына, электрондук коммерцияга жана аймактагы логистикалык каттамдарды өнүктүрүүгө багытталган.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК “Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкесине катышты

“Кыргыз почтасы” ААК “Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкесине катышты

Жанылыктар
17-августта Кытай Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда “Кашкар Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкеси болуп өттү. Көргөзмөгө катышуу үчүн дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн жана аймактарынан келген 700 компания өз продукцияларын көрсөтө алышты. Анын арасында “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ да биринчи ирет көргөзмөгө катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө ар тармактуу жолугушуулар, негизги долбоорлорго кол коюу жана сооданы алдыга жылдыруу боюнча бир катар иш чаралар өткөрүлдү. Xinjiang Martina International Logistics Co., Ltd. 20 жылга жакын убакыттан бери тышкы соода менен алектенет. Ал көптөгөн ата мекендик көргөзмөлөргө катышып, бул жолу ишкана Кашкардагы жарманкеге Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан төрт компаниянын ондогон продукциясын алып келди. Ишкана өткөн жылдагыга караганда көбүрөөк заказдарды жабуу максатында суусундуктарды, кургак жемиштерди, шоколаддарды жана башка азыктарды алып келген. Кашкар Кытайдын пилоттук эркин соода аймактарынын бири. Бул жерде 2005-жылдан бери Кашкар…
Read More