“Кыргыз почтасы” ААКнын кызматкерлери “BISHKEK SNOW LEOPARD RUN” жарым марафонуна катышты

“Кыргыз почтасы” ААКнын кызматкерлери “BISHKEK SNOW LEOPARD RUN” жарым марафонуна катышты

Жанылыктар
Бүгүн “Кыргыз почтасы” ААКнын кызматкерлери борбор калаада өткөн “BISHKEK SNOW LEOPARD RUN” аттуу жарым марафонго активдүү катышышты. Иш-чаранын максаты — ак илбирсти коргоону колдоо жана массалык спортту өнүктүрүү. Кыргыз почтасынын командасы жүздөгөн катышуучулар менен бирге жарышка чыгып, компаниянын дени сак жашоо образын, командалык духту жана коомдук жоопкерчиликти колдой турганын көрсөттү. Мындай спорттук жана коомдук демилгелерге катышуу — “Кыргыз почтасы” жамааты үчүн жакшы салтка айланып, мекеменин кызматкерлери биримдикке жана жигердүү жашоого умтуларын дагы бир жолу далилдеди.
Read More
“Кыргыз почтасы” жана Mongol Post электрондук коммерция тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты

“Кыргыз почтасы” жана Mongol Post электрондук коммерция тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Жанылыктар
Дубай шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк почта союзунун Конгрессинин алкагында “Кыргыз почтасы“ ААК менен Монголиянын улуттук почта оператору — Mongol Post ортосунда расмий жолугушуу өттү. Жолугушууда тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүү, анын Борбор Азия жана Европадагы тенденциялары, ошондой эле почта кызматташтыгынын мүмкүн болгон багыттары боюнча пикир алмашышты. Логистикалык маршруттарды жакшыртуу жана чек ара аралык жеткирүү кызматтарын өркүндөтүү маселелери да талкууланды. Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, электрондук соода тездик менен өнүгүп жаткан шартта почта логистикасынын келечеги боюнча тажрыйба алмашууга негиз түзүлдү.
Read More
Кыргызстан менен Вьетнам почта тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстан менен Вьетнам почта тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт

Жанылыктар
Дубай шаарында өтүп жаткан 2025-жылдагы Дүйнөлүк почта союзунун Конгрессинин алкагында “Кыргыз почтасы” ААК жана “Vietnam Post” ортосунда жолугушуу өттү. Жолугушууда электрондук коммерция, чек ара аралык соода жана улуттук маркетплейстердин өнүгүүсү боюнча маселелер каралды. Тараптар биргелешкен жумушчу топ түзүү, расмий сунуштарды даярдоо жана “Vietnam Post” делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштуруу боюнча макулдашышты. Бул демилгелер эки өлкөнүн почта кызматтарынын өз ара аракетин бекемдеп, керектөөчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Read More
ААК “Кыргыз почтасы” Ага Хан архитектуралык сыйлыгына арналган почта маркасын чыгарды

ААК “Кыргыз почтасы” Ага Хан архитектуралык сыйлыгына арналган почта маркасын чыгарды

Жанылыктар
2025-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарында архитектура тармагындагы эң абройлуу эл аралык сыйлыктардын бири — Ага Хан сыйлыгына арналган почта маркасына салтанаттуу мөөр басуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Ханзаада Рахим Ага-Хан V катышты. Марканын негизги сүрөтү болуп Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имараты тандалды — бул өлкөнүн маданий мурасы жана коомдук мейкиндиктин символу. Марканын фонунда тоолор, токойлор жана боз үйлөр тартылган, алар Кыргызстандын табиятынын кооздугун жана салт менен заманбап архитектуранын шайкештигин чагылдырат. Бул чыгарылыш коомдук баалуулуктарды жана өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрүн архитектура аркылуу чагылдыруу максатында жасалган демилге болуп саналат.
Read More
SECA делегациясы “Кыргыз почтасы” ААКнын Логистикалык борборуна келди

SECA делегациясы “Кыргыз почтасы” ААКнын Логистикалык борборуна келди

Жанылыктар
Бүгүн “Кыргыз почтасы” ААК Шэньчжэнь шаардык электрондук коммерция ассоциациясынын (SECA) делегациясын кабыл алды. Бул жолугушуу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында өттү. Коноктор Логистикалык борбордун инфраструктурасы, эл аралык почта жөнөтмөлөрүн иштетүү процесстери жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн колдонулуп жаткан санариптик кызматтар менен таанышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүү, Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү рыноктун тенденциялары, ошондой эле эл аралык платформалар менен интеграция мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алышты. SECA өкүлдөрү Кыргызстандын бул аймактагы стратегиялык логистикалык түйүн катары потенциалын өзгөчө белгилешти.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК профсоюздардын спартакиадасында мыкты жыйынтык көрсөттү!

“Кыргыз почтасы” ААК профсоюздардын спартакиадасында мыкты жыйынтык көрсөттү!

Жанылыктар
2025-жылдын 12–14-сентябрь күндөрү өткөн профсоюздук кыймылдын 120 жылдыгына арналган спартакиадада Кыргыз Республикасынын байланыш, маалыматтык технологиялар, өнөр жай жана башка тармактардын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин профактивисттери “таланттуу команда”-деп табылды. Аталган команданын курамында “Кыргыз почтасы” ААКнын Эл аралык кызматташтык жана инвестициялык өнүгүү башкармалыгынын менеджери Акылай Сагыналиева шахмат боюнча 2-орунду ээлеп, компаниянын намысын татыктуу коргоду! Ошондой эле Почта кызматтары, ички логистика жана сапатты көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси Азема Асанбекова иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланды. Бул жеңиштер — “Кыргыз почтасынын” кызматкерлеринин биримдиги, аракетчилдиги жана демилгелүүлүгүнүн жемиши!
Read More
ААК “Кыргыз почтасы” сын-пикирлерди эми QR код аркылуу кабыл алат!

ААК “Кыргыз почтасы” сын-пикирлерди эми QR код аркылуу кабыл алат!

Жанылыктар
Эми ар бир жаран "Кыргыз почтасы" ААКнын филиалдарында жана байланыш бөлүмдөрүндө жайгашкан QR кодду сканерлөө менен почтанын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча пикирин, сунушун же даттануусун калтыра алат. Калтырылган билдирүүлөр атайын жооптуу кызматкерлер тарабынан тез арада каралып, маселени жеринен чечүүгө аракет көрүлөт. Бул демилге — ачык-айкындыкты камсыздоо жана кызмат сапатын жогорулатуу максатында ишке ашырылды.
Read More
28-чи Дүйнөлүк почта конгресси

28-чи Дүйнөлүк почта конгресси

Жанылыктар
Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында 28-чи Дүйнөлүк почта конгресси башталды. Ал 8-сентябрдан 19-сентябрга чейин Дүйнөлүк почта союзунун (ДПС) демилгеси менен өтүүдө. Форумга 190дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышууда, анын ичинде Кыргызстандын делегациясы да бар. Конгресстин негизги темалары:▪️ ДПСтин төрт жылдык иш пландары жана каржылоо▪️ Почта тармагынын санариптештирүүсү▪️ Тармактардын туруктуулугу жана кызматтарды модернизациялоо▪️ Инклюзивдик кызматтарды өнүктүрүү▪️ Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоо Кыргызстан үчүн Конгресске катышуу — глобалдык диалогдун бир бөлүгү болуу, тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташуунун жаңы негиздерин түптөө мүмкүнчүлүгү. Биз инновацияларды киргизүүгө, кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана жарандарыбыздын пайдалары үчүн өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө умтулабыз.
Read More
Бишкек-24 байланыш бөлүмүндөгү абал көзөмөлгө алынды

Бишкек-24 байланыш бөлүмүндөгү абал көзөмөлгө алынды

Жанылыктар
2025-жылдын 8-сентябрында ЖМКда Ленин районуна караштуу Бишкек шаарынын Жал айылындагы №24 почта бөлүмүнүн аймагында коомдук тартип бузулгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган соң, “Кыргыз почтасы” ААКнын жетекчилиги оперативдүү түрдө жерине барып текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө байланыш бөлүмүнүн имараты, анын айланасы жана кызматкерлердин иш шарттары каралып чыкты. Жетекчилик тарабынан имаратты оңдоо, тосмо орнотуу жана коопсуздукту күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Мындан сырткары, коомдук тартипти сактоо максатында жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуу жүргүзүлөт. “Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлерине жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирет жана калкты сапаттуу тейлөөгө шарт түзүү боюнча иштер улантылат.
Read More
Beeline Кыргызстан менен “Кыргыз Почтасы” ААК санариптик өнөктөштүк боюнча меморандумга кол коюшту

Beeline Кыргызстан менен “Кыргыз Почтасы” ААК санариптик өнөктөштүк боюнча меморандумга кол коюшту

Жанылыктар
Бул кызматташтык заманбап технологияларды киргизүү жана ыңгайлуу санариптик чечимдерди түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биз биргелешип, мамлекеттик жана почта кызматтарын өлкөнүн ар бир жашоочусу үчүн дагы да жеткиликтүү, оңой жана тез кылуу үчүн аракет кылмакчыбыз. Бул өнөктөштүк бизнеске процесстерди тездетүүгө жана кардарлар менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт; заманбап санариптик куралдар Кыргыз Почтасынын кызматтарын ыңгайлуураак жана жеткиликтүүрөөк кылат. Бүгүн биз Кыргызстандын санариптик келечегин көздөй дагы бир маанилүү кадам таштадык.
Read More