Бүгүн «Кыргыз почтасы» ААК Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган жаңы почта маркасын мөөрлөө салтанаттуу аземин өткөрдү.
Иш-чара DBillions студиясынын чыгармачылык аянтчасында өтүп, майрамдык маанай тартууланды.
Маркада миллиондогон балдардын сүйүктүү каармандары — Чача, Чики, Бум-Бум жана Ляля чагылдырылган. Алар кубанычтын, чыгармачылыктын жана билим берүү контентинин символуна айланышкан. Музыка жана оюн аркылуу бул каармандар балдарга дүйнөнү кызыгуу менен таанууга жардам берип келишет.
Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү — эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар боюнча республикалык конкурстун жеңүүчүлөрүнүн катышуусу болду. Алар бул өзгөчө марканын чыгарылышына күбө болуп гана тим болбостон, DBillions тарабынан белектерге да ээ болушту. Бул алар үчүн күтүлбөгөн жана кубанычтуу белек болду.
Бул марка — жөн гана почта белгиси эмес. Ал балдарга болгон сүйүү, кам көрүү жана өнүгүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү эскерткен маанилүү социалдык билдирүү.
«Кыргыз почтасы» ААК бул марка балдарга көңүл буруунун символу болуп, балдардын укуктарын коргоо тууралуу маанилүү кайрылууну дүйнөнүн булуң-бурчтарына жеткирет деп ишенет.






