Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун демилгеси менен «Кыргыз почтасы» ААК Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларынын арасында эпистолярдык жанр боюнча эл аралык сынактын райондук этабын өткөрдү.
Бүгүн Аламүдүн районунда «Өзүңдү океан деп элестет, эмне үчүн жана кантип сага кам көрүшү керек экенин түшүндүрүп кат жаз» деген темада сынактын жыйынтыгы чыкты.
Сынакка Аламудун районундагы 15 мектептин окуучулары активдуу катышты.
Натыйжада:
- 1-орун – 1 катышуучу
- 2-орун – 2 катышуучу
- 3-орун – 2 катышуучу
Аларга акчалай сыйлыктар жана «Кыргыз почтасы» ААКтын Аламүдүн райондук филиалынын Ардак грамоталары тапшырылды.
Кошумча: - 10 катышуучу акчалай сыйлыктарга жана сертификаттарга ээ болду
- Активдүү катышкандыгы үчүн 13 окуучу Ардак грамоталар менен сыйланышты
Сыйлык тапшыруу аземи Аламүдүн райондук администрациясынын чоң залында өттү.






