“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун демилгеси менен өткөрүлгөн окуучулар арасындагы 55-Эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаян сынагынын жыйынтыгын чыгарды.
2026-жылы “Санариптик дүйнөдө адамдардын байланышы эмне үчүн маанилүү экендиги жөнүндө досуңузга кат жазыңыз” деген темада өткөн сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан 13 миңден ашуун окуучу катышты.
Республикалык жумушчу комиссиянын чечими менен байгелүү орундар төмөнкү окуучуларга ыйгарылды:
I орун — Кубатбекова Анара, Нарын шаарындагы В. П. Чкалов атындагы №2 жалпы билим берүү мектебинин окуучусу. Сыйлыгы — диплом жана ноутбук.
II орун — Алтынбекова Канайым, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ичке-Жергез айылындагы А. Истамбеков атындагы орто мектептин окуучусу. Сыйлыгы — диплом жана планшет.
III орун — Меликова Айтурган, Талас облусунун Талас районуна караштуу Манас айылындагы мектептин окуучусу. Сыйлыгы — диплом жана уюлдук телефон.
Биринчи орунду алган Кубатбекова Анаранын эмгеги дүйнөлүк масштабтагы сынакка катышуу үчүн Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросуна жөнөтүлдү.
“Кыргыз почтасы” ААК сынакка катышкан бардык окуучуларга ошондой эле окуучуларды колдогон мугалимдерге, ата-энелерге жана сынакты уюштурууга салым кошкон бардык адистерге терең ыраазычылык билдирет.






