“Кыргыз почтасы” ААК тарабынан өткөрүлүп жаткан эпистолярдык жанрдагы эл аралык сынактын алкагында райондук жана шаардык филиалдарга келип түшкөн каттар учурда атайын түзүлгөн комиссия тарабынан каралууда.
Комиссия катышуучулардын иштерин сынактын талаптарына ылайык кылдаттык менен баалап, ар бир каттын мазмунуна жана чыгармачыл деңгээлине өзгөчө көңүл бурууда.
Белгилей кетсек, райондук жана шаардык деңгээлде тандалып алынган жеңүүчүлөрдүн каттары сынактын экинчи — республикалык этабына жөнөтүлөт. Ал эми биринчи этаптын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар акыркы коңгуроо күнүнө карата тапшырылат.



