Бишкек, 2025-жылдын 16-октябры.
“Кыргыз почтасы“ ААК, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте ФАОнун 80 жылдык мааракесине жана Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата чыгарылган жаңы почта маркаларынын салтанаттуу мөөр басуу аземин өткөрүштү.

Жаңы серия үч маркадан турат. Анда улуттук кийимчен балдар сүрөттөлүп, алар азык-түлүк коопсуздугун, туруктуу айыл чарбаны өнүктүрүүнү жана маданий мураска урмат көрсөтүүнү чагылдырат.

ФАО өкүлдөрүнүн демилгеси менен каармандар Телегей («кең талаа»), Береке («береке, молдук») жана Бакыт («бактылуулук») деген аттарга ээ болушкан.

Азем мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана коомчулуктун катышуусунда өтүп, Кыргызстан менен ФАОнун биргелешкен аракеттеринин символуна айланды.